Былтыр “Тумар” жана “Ecarekords” уюштурган долбоордон тандалып алынган “Non stop”, “АДЭА” аттуу топтор шоу дүйнөгө бет алышкан эле. “Super star” долбоору быйыл да жылдыздарга жол ачмакчы. Долбоордун өзгөчөлүгү – мурда катышуучуларды ырчылар даярдаса, бул ирет продюсерлер Канат Култаев менен Динара Эсенгулова кастингге келген жаштардын шыктууларын тандай турганы.
Кимдин таланты таш жарса, анда продюсерлер өз карамагына алып, ырчы кылып таптап чыгарышат. Андыктан чымыны бар 16-23 жаштагы улан-кыздар, чамдаңыздар, кастинг 30-сентябрда Бишкектеги “Максимум” ресторанында саат 15:00дө өтөт.