ЭлТРдин “60 мүнөт” программасынын алпаруучусу Максатбек Довранов гана эмес, аталган көрсөтүү да июнь окуясынан соң экранга чыкпай калган. Кийин кайрадан жанданып, музыка сүйүүчүлөрүн кубандыра баштаган көрсөтүү дагы бир айга экрандан алыстады. "Эми "60 мүнөттү" көрбөй калабызбы?" деп кооптонбой эле коюңуз, көрсөтүүнүн редактору жана алпаруучусу Максат 1 айлык эмгек өргүүсүнөн соң жаңы дем менен кайрадан экранга чыкмакчы. Андыктан Максатка ашык болгон кыздар 60 мүнөт эмес, 30 күн күтүүгө туура келет.