“Апакай ак куу” деп ырдаган татынакай Айпери Сыдыкова турмушка чыгуу алдында турат. Өмүрлүк жан шерик болчу жигит менен интернеттен таанышып калган. Мирзамирдин фамилиясы да Сыдыков болгондуктан, экөө бат эле тил табышып, акыры 25 жаштагы чек арачы жигит ырчы кыздын колун сураганга жетишкен. Ошентип, Мирзамир Кара-Көлдө досторун чогултуп тойдун камында болсо, Айпери төшөк-жууркан көктөп себин даярдоо менен убара. Эки жаштын тою 9-октябрда болмокчу.