Өлкөдө номур биринчи болуп турган адамдын жеке турмушу да өзүнүкү болбой калары анык. Ал эми шайлоо алдындагы ат жарышта Кудай мындайды бербеспи болуп дени сак атаандаштыкка чыдай албагандар оппоненттери тууралуу кашыктап маалымат чогултуп, кылдан кыйкым издеп калышат эмеспи.
Эсиңиздерде болсо, “Текебаевдин жубайы казак” деп маалымат бергенбиз. Атайын сынамакка ушинтип жазганбыз. “Алдыда шайлоо. Маалыматты төгүн дешеби же муну да өз максаттарына пайдаланышабы?” деген ойдо. Туура эле ойлогон экенбиз. Учурда үгүт иштери менен туш тарапта жүргөндөр Текебаевди жамандап жатып чарчап, эми жубайынын тегин сүрүштүрүүгө өтүшүптүр. “Текебаевдин аялы керек болсо казак” деп “Ак жол” тарттырып ийген Каркыранын айыбын бул кишиге оодарып жибергенге аракет кылып жатышыптыр, тобо! Ошондон улам, ачыгын айтып койчу мезгил келди деген ойдобуз. Айгүл жеңекебиз капкадимки эле кыргыз, Көлдүн Ак-Суусунун кызы.