ЖУРНАЛИСТ МЕНЕН ЖУБАЙЫНЫН ӨЛҮМҮ

Уккандын төбө чачын тик тургузган бул кылмыш иши тууралуу маалыматтар үстүбүздөгү жылдын март айында ММКларга жайнап чыккан. Тергөө бүткөнүнөн улам Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин опертобу белгилүү журналист менен жубайынын киши колдуу өлүмүнө байланыштуу кылмыштын башта айтылбаган учурларын баяндап беришти.

"ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУШТУ"
"Чолпонатадан Бишкекке 8-Март майрамына келген агам менен жеңем дайынсыз кетишти" деген арызын көтөргөн аял Октябрь райондук милициясына 11-март күнү келди. Арыздан улам "Вечерний Бишкек" гезитинин Ысыккөл өрөөнү боюнча өз кабарчысы Юрий Александров менен жубайы Ангелинанын дайынсыз кеткени билинди. Жубайлар 7-март күнү башкалаадагы "Пекинская утка" аттуу кафеге гезит жамааты өткөргөн кечеге келишкен. Түнкү саат 11лер ченде кесиптештери менен коштошуп, жолго түшүшкөн. Ошол боюнча экөөнү көргөн адам болбоптур. Журналисттин Чолпонатадагы үйүнө барышкан опертоп алардын 7-мартта чыгып кеткен боюнча кайрылып келишпегенин тактады.

ШЕКТҮҮ АДАМ – КВАРТИРАНТ
Октябрь РИИБинин өзгөчө оор кылмыш иштери боюнча бөлүмүнүн опер кызматкерлеринин айтымында, журналист менен жубайынын жоголуп кеткени жөнүндө маалыматтын кеч келип берилиши кылмыштын бетин ачууда бир топ оорчулуктарды пайда кылды. Анткени, алар жоголгондон 4 күн өткөн соң гана милицияга кабар түшкөн. Күн өткөн сайын Александровдордун аман табылышына үмүт өчүп, "алар кандайдыр жамандыкка туш болушкан" деген версия дааналана баштады. Алардын дайынсыз кеткендигине шектүү кишилердин катарына "чү" дегенде эле жубайлардын Бишкекте жашаган 26 жаштагы жалгыз уулу илинди. Иликтөөлөрдөн улам журналисттин жалгыз уулу ичимдик менен катуу достошуп кеткендиги билинип, акыркы күндөрү бул жигиттин эмне кылып жүргөнү текшериле баштады.
Ошондой иликтөөлөрдүн биринде Бишкектин 8-кичирайонунда жашаган бул жигиттин үйүндөгү бир бөлмөдө баласы, жубайы менен Ренат аттуу жаш жигит жашаары такталды. "Биз Александровдун жалгыз уулу ичкиликке жакын экенин билген соң ошондон эле шектене бериптирбиз. Бирок, ал үйдө жашаган квартирант баланы суракка алууну да унуткан жокпуз. Бул жигитти маркум журналист ичимдикке берилип кеткен уулуна баш-көз болуп турсун үчүн бир бөлмөгө өзү жашатып койгон экен. Баарлашууда квартирант жигит улам бир кебинен жаңылып, айласы кетип жатканы күмөн туудурду. Квартирант жигитти 10 күн бою сурактап отуруп Юрий Александров менен жубайы Ангелинаны өлтүрүп салганын билдик",- дейт РИИБдин Нурлан аттуу ага оперкызматкери.

ЖАПЫЗ ЖЕРТӨЛӨДӨ
Катарынан эки адамды өлтүрүп салганын моюнга алган Ренат кылмыш иликтөөчүлөргө түрдүү көрсөтмө берип, абдан убарага салды. Ал алгач: "Экөөнүн сөөгүн шаардын сыртына алып чыгып, таштандылар төгүлчү жайга көмүп салгам. Машинасын болсо шаардагы кафелердин бирине айдап барып таштап кеткем",- деген көрсөтмө берген. Мындай көрсөт­мөдөн улам Ибрагимов көчөсүндөгү "Тет-а-тет" кафесинин жанынан чын эле журналистке тиешелүү "Мерседес" машинасы табылды. Машинада жубайлардын түгөйү жок бут кийимдери, буюмдары табылды. Ал эми шаардын сыртына чыккан райондук, шаардык милиция, ИИМ, прокуратура жетекчилиги баш болгон опертоп баш-аягы бир нече чакырымга созулуп жаткан таштандыны тытып, журналист менен жубайынын сөөгүн издеп жүрүштү. Керээли-кечке жүргүзүлгөн издөөдөн натыйжа чыкпай, айласы куруп кайтып келген кылмыш иликтөөчүлөр Ренатты дагы суракка алышты. Шектүү жигит мурунку күнү берген көрсөтмөсүн кайра өзгөртүп, эми "сөөктөрүн Маевка айылына көмүп салгам" дей баштады. Бул айылда Ренаттын ата-энеси жашайт экен. Ренат менен ал үйгө келген кылмыш иликтөөчүлөр экөөнүн сөөгү бул жерден табылаарына дагы деле көп ишене бербей турушту.
"Үйдүн жертөлөсү жапыз экен. Ренат цемент куюлган жерди көрсөтүп, "экөөнүн сөөгүн ушул жерге көмгөм" деди. "Дагы калп айтып жатабы?" деп алгач күмөн санасак да, цементти талкалап оюп көрүүнү чечтик. Эки метр тереңдикке барганда адамдын сөөгүнө урундук. Ренат бир түндө экөөнүн сөөгүн өзү жалгыз жер төлөгө сүйрөп кирип, жерди эки метр тереңдикте казып, сөөктөрдү көмүп, үстүн цементтеп таштаган экен. Үстүнө кыям куюлган банкаларды тизип, жымсалдап салыптыр. Кылмышты ал тоноо ниетинде жасабаган. Анткени, маркумдун машинасындагы буюмдар жоголгон эмес. Ошондой эле каза тапкан аялдын кулагындагы алтын сөйкө, моюнундагы чынжыр, колундагы шакек да чечилген эмес",- дешет кылмыш иликтөөчүлөр.

КЫЛМЫШТЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
Ошентип, Юрий Александров менен жубайы Ангелинанын сөөгү кылмыш болгондон 13 күндөн кийин табылды. Оперкызматкерлерге айыпталуучу: "Алардын уулу ичимдикти көп ичкендиктен, ага мен баш-көз болуп жүрчүмүн. Бирок, Александровдорду жек көрчүмүн. Алар мени көп ирет ызага батырып, кордошкон. Ошондуктан, аларды бир күнү өлтүрүп салууну ойлоп жүргөм. 7-мартта "Вечерний Бишкек" гезити майрамга карата кече уюштурду. Бул кечеге Чолпонатадан Александровдор да келишти. Оюмду ушул күнү ишке ашырууну көздөп, түнкү саат 11лер ченде аларга уулу мас болуп алып чатак салып жатканын айтып телефон чалдым. Алар Маевкадагы менин атамдын үйүнө бат эле жетип келишти. Анткени, мен "атамдын үйүндөбүз" деп айткам. Үйгө алгач Юрий Александровду чакырып кирдим. Алдын-ала үйдөгү жоон таякты дайындап койгон элем. Байкабай кирип келе жаткан аны жоон таяк менен башка бир нече ирет чаптым. Бир аздан соң ал кыймылдабай жатып калды. Кайра тышка чыгып, эми анын жубайын үйгө чакырдым. Аны да күйөөсү сыңары тынчыттым",- деп көрсөтмө бериптир. Тергөөчүлөрдүн: "Эмне үчүн мындай оор кылмышка бардың?"- деген суроосуна Ренат азыр деле: "Аларды жаман көрчүмүн. Дегеле, башка улуттардын өкүлдөрүн жек көрөм",- деп жооп берип жатыптыр. Бирок, кылмыш иликтөөчү топтун мүчөлөрү: "Кылмыштын себеби башка нерседе да болушу мүмкүн. Анткени, алардын уулу жашаган квартирасынан тышкары Бишкектин элитрайондорунда дагы бир үйү, Чолпонатада бир нече коттедждери бар экен. Журналист менен аялы өлгөн соң "аракка алдырган баласынын колунан эмне келмек эле?" деген ой болгон чыгаар, ким билет. Тергөө материалдары боюнча Ренат эки адамдын өлүмүнө айыпталууда",- деп билдиришти.

97-БЕРЕНЕ
Октябрь РИИБи тарабынан камакка алынган 23 жаштагы Ренат Казакбаев – Кыргызстандын спорт чөйрөсүндө аты таанымал жигиттердин бири, бокс боюнча спорт чебери. Алгач соттук-психиатриялык экспертиза "Ренат бул кылмыш ишин акыл-эси жайында эмес кезинде жасаган" деген жыйынтык чыгарган эле. Бирок, милиция кызматкерлери кайрадан экспертиза жүргүзүү зарылдыгын айтып чыгышып, экинчи текшерүүдө соттук-психиатриялык экспертиза "Ренат Казакбаевдин акыл-эси жайында" деген жыйынтык чыгарган. Кылмыш ишинде бул жигитке Кылмыш Жаза Кодексинин 97-беренеси боюнча айып тагылууда. Иш жакынкы күндөрү сотко жөнөтүлөт.

Даярдаган Шаиста Шатманова. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан