«Бишкек-Москва» поезди 17-сентябрь күнү кезектеги сапарында “Жайсаң” станциясына токтоп, бирок бул жолку аялдама өзүнчө бир нааразычылык акциясына айланды. Орус-Казак чек арасында жайгашкан бул станцияга поезд таң эрте келип, Казакстандын чек арачылары кадимкидей документ текшерүүнү жүргүзө баштаган. Бирок Москвага күйөөсүнө бара жаткан 26 жаштагы чүйлүк аялдын документинен кемчилик табылып, аны чек арачы кабинетке чакырат. Дал ушул кабинетте чек арачы кыргыз келинди зордуктаган. Бул аралыкта поезд да кармалып, кабинеттен чыккан кыз кордолгонун айтып берген. Бат эле поезддеги жүргүнчүлөрдүн арасына таркап кеткен казак чек арачыларынын шумдугу кыргызстандыктарды вагондордон чыгып, темир жолду тосууга түртөт.
Алар тез аранын ичинде милиция кызматкерлери жана прокуратуранын келишин талап кылып, поезд орто жолдо тогуз саатка кармалган. Жыйынтыгында тийиштүү органдардын кызматкерлери келип, экспертиза жүргүзүү үчүн жабырлануучуну поездден түшүрүп калышкан. Бул окуя боюнча акыркы маалыматтарга таянсак, кылмышкерге карата иш козголгон.