Интернет айдыңында түштүк окуясынын келип чыгышына жана анын өнүгүшүн көкүткөн Кадыржан Батыровдун украиналык басылмага берген маеги жарык көрдү. Анын айтымында, улуттар аралык жаңжалдын чыгып кетишине баңги барондор, анын көмүскөдөгү кожоюну маркум Айбек Мирсидиков (Кара Айбек) күнөөлүү имиш. Эң кызыктуусу, Кадыржан Батыровдун Тейит айылындагы экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарына тиешелүү үйлөрдү өрттөөгө түздөн-түз тиешеси бар экендиги айтылып келген болчу. Бирок өзү бул тууралуу: “Мен Тейитке жөнөгөн элден артта калып кеттим, себеби эртең менен эч нерсе жебегеним үчүн алым жок болчу. Айылга барганда бир топ адамдардын жүргөнүн көрүп, кайра шаарга жөнөгөндө үйлөрдүн өрттөлө баштаганын көрдүм”,- деп жооп берген.
Үч айдан бери үн катпаган Кадыржан Батыровдун үгүт мезгилинде пайда боло калганы кызыктуу, бул сапар кимдин буйругу менен чыкты экен?..