ТУРДУМАМБЕТОВ МЕНЕН КАЛЫЕВГЕ МУНАПЫС БЕРИЛБЕДИ

Издөөгө алынгандардын арасынан эки адам кылмыш жоопкерчилигинен бошоо үчүн экономикалык мунапыс сурап кайрылышты. Алар – мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жана мурунку Коргоо министри Бакыт Калыев. Бирок аталган экөөнө тең мунапыс берилбегенин комиссиянын мүчөсү Жусупбек Акматов билдирди. Анын айтымында, тергөө органдары өз убагында Турдумамбетовдун тушунда менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтарууга жетишишти. Ал эми Калыевге тиешелүү "АзияУниверсал банктагы" 5,8 миллион доллары бар эсеп арестке алынган. Ошентип, бул адамдар мамлекетке зыян келтирүүгө «жетишпей» калышкан. Демек, бул иштер үчүн жоопко тартылышпайт. Андан сырткары келтирилген зыяндардын көлөмү толук аныктала элек. Экономикалык кылмыштан тышкары башка иштер боюнча да жоопко тартылыштары мүмкүн.
Эскерте кетсек, «экономикалык кылмыш кылды» деп шектелгендердин тизмесине 178 адам киргизилген. Кылмышын моюнуна алып келгендер 1-октябрга чейин кайрыла алышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан