Айлана-чөйрөнү коргоо башкармачылыгы үгүт кагаздарын жана желектерин дарактарга илген партиялар айып пул төлөөрүн эскертти. Өзгөчө Бишкек шаарынын тургундары кээ бир саясий партиялардын үгүт кагазын дарактарга жабыштырып, желектерин мык менен какканына арызданышкан. Ошондуктан партияларга тийиштүү жайларга гана материалдарын илүүсүн, эгерде дарактарга зыян келтирилсе, ар бири үчүн 2 миң сомго чейин айып пул төлөй тургандыгын кабарлашты.
“Ата Мекен” партиясынын үгүт желектери алгач чоң көчөлөрдөгү дарактарга кагылган эле. Кийин кетирилген кемчиликти эске алып, үгүт иштери менен алектенген адистер желектерди скотч менен жабыштырууга өтүшкөн.