Нью-Йорк шаарында бул аптада БУУнун жыйыны өтүп жатат. Ага Борбордук Азиядан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери катышууда. Коңшу өзбектердин ажосу Ислам Каримов жыйында сөз сүйлөп, кыскасы, ГЭСтерге кенен токтоло кетти. Ал Нарын дарыясында ири тосмолору бар курулуштардын ордуна чакан ГЭСтерди куруу керектигин сунуштады. Камбар-Ата ГЭСинде биринчи агрегат ишке киргенден бери Ислам акебизге уйку бербей калганбызбы же «кыргыз айкөлдүгүнөн жазып, суусуз калабыз» деп чочулап жатабы, азыртадан дүйнөлүк коомчулукка өз сунушун айтып жар салды.
Ошол эле учурда Ислам Каримов июнь айындагы Ош окуясына токтолуп, жаңжалдын чыгышы үчүнчү күчтөрдүн колунан келгендигин айтты. Анын айтымында, алар Өзбекстан менен Кыргызстандын өз ара тирешүүсүн каалаган. Бирок эч кандай ысым жана өлкөнүн аты аталган жок. Соңунда буга чейинки комиссиянын изилдөөлөрү канааттандырган эмеспи, кандуу окуянын уюштуруучусун табуу жана аны сотко тартуу үчүн эл аралык изилдөө өткөрүү керектигин белгиледи.