ВЕРА БРЕЖНЕВА

Бир кыздын энеси болгонуна карабастан жакында эле “Эң көп көз артылган бойдок кыз” деп аталган Вера Брежнева азыр 26 гана жашта. Бул куракта бактылуу жар, мээримдүү эне, белгилүү ырчы, таланттуу алпаруучу болгонго ар бир эле карапайым кыз жетише бербесе керек. Ички дүйнөсү ушунчалык таза, жөнөкөй, келбети чырайлуу бул кызга көз арткандар четтен табылат.

ЖАКЫР БАЛАЛЫК
Орусиянын эң сүйкүмдүү сары чач кызы Вера Брежнева (чыныгы фамилиясы – Галушка) 1982-жылы 3-февралда Леонид Ильич Брежневдин мекени болгон Днепродзержинск шаарчасынын чет жагында төрөлгөн. Атасы менен апасы ошол эле кичинекей шаарчанын химиялык заводунда эмгектенишчү. Апасы Тамара маал-маалы менен декреттик эс алууга чыгып, атасы жалгыз бир чоң үйбүлөнү баккандыктан, алардын жашоосу суктанаарлык эмес болчу. Верадан сырткары бул ынтымактуу үйбүлөдө 3 кыз тарбияланып чоңойгон. Ырчы балалыгы тууралуу: “Биз карапайым үйбүлөдө чоңойдук” деп айтуу өтө эле жумшак айтылган болуп калат. Эже-сиңдилер бири-бирибиздин кийимдерибизди кийип, оюнчуктарыбызды таптакыр керектен чыгып калгыча ойноп чоңойдук. Ошондуктан, кичинекейимден эле эркелебей, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп, жумушка бышып өстүм”,- деп эскерет.
Вера ата-энесине жардам кылууну көздөп 11 жашынан баштап шаардык сейил бактын бассейнин тазалап, гүлдөрүн сугарып акча табат. Али бала болгондуктан, Верага акчадан да жумуштан соң каруселдерде бекер ойноо кызык болчу. Жайкысын болсо энесине ээрчип алып талаада жашылча-жемиш өстүргөнгө жардамдашат. “Бул эмгегибиз үчүн акча алчу эмеспиз, бирок, үйгө тамак-аш алып келчүбүз. Ошондо кышкысын өзүм өстүргөн жашылчаларды сыймыктануу менен жечү элем. Жогорку класстарга барып калганда болсо сабактан кийин кафелерде идиш жууп, бирөөлөрдүн балдарын багып иштедим. Бул кылган жумуштарымдан уялмак түгүл, акча таап жатканыма кубанчумун,- дейт азыр Вера.

СУЛУУ КЫЗ ЖЕТИЛИП...
Кичинекейинен баштап спортко, ар түрдүү бий ийримдерине катышкан Вера ошол кезден эле өзүнүн келбетин, жүзүн сүйүүгө да үйрөнөт. 9-класска келгенде ажары ачыла баштаган болочок ырчынын моюнунда алтын жасалгалар пайда боло баштайт. Мындай жасалгаларды Вера өз эмгеги менен тапкан акчасына сатып алганына карабай, классташтарынын арасында “карапайым кыз мунун баарын каяктан алмак эле? Капчыктуу көңүлдөш таап алса керек...” деген сыяктуу шыбырлар пайда болот. Вера болсо ошол кезде мындай ушактарга көңүл бурбай, машина айдаганды жана англис тилин өздөштүрүп, катчылык курска барчу. Бирок, курбуларынын “катчыларга жетекчилери тийише берет” деген сөздөрүн угуп, бул кесиби боюнча иштөөдөн баш тартат. Ал кезде болочок ырчынын көздөрү ооруп, эскилиги жеткен көз айнек тагынып жүрчү экен. Бул нерсе үчүн классташтары «карапайым», «төрт көз» деп аташып, мамиле түзүшчү эмес. “Тапканымдын баарын ата-энеме берип, акчамдын жоктугунан бүтүрүү кечесине да барбай калганымды эстесем, азыр күлкүм келет”,- дейт Вера.
Мектепти бүткөндөн кийин анын “юрист болом” деген тилеги ишке ашпай, экономика бөлүмүнө сырттан окууга өтөт. Днепропетровскидеги Инженерлер институтуна тапшырып жатканда Вера көпчүлүктүн назарын бурган суйкайган сулуу кыз болуп жетилип чыга келген эле. 2002-жылы ал “Днепропетровск сулуусу” сынагына катышууну чечет. Көгүш көздүү келбеттүү кызды бир көр­гөн­дө эле жактырышып, калыстар тобу Вераны алгачкы тандоодон жөн эле өткөзүп коюшат. Бирок, жеңишке келаткан кызга “ВИА-Гра” тобунун кастингге чакырган сунушу жагып, сынактын аягына жетпей топко кошулуп, ырчы болуп калат.

«ВИА-ГРА»
Ошентип, Вера 2003-жылы топ менен кошо Киев шаарына келет. Топтун жетекчилери Вераны Леонид Ильич тө­рөлгөн шаарчадан экенин билгенде: “Эми сенин фамилияң Брежнева болот”,- дешип ага жаңы фамилия беришет. Бул топто ийгиликтүү чыгармачыл жашоо башталып, Вера жакыр турмуштан чыга баштайт. Бирок, айына 15 жолу концерт берүү, тынымсыз жол жүрүү, элдин анын жеке турмушуна болгон ашыкча кызыгуусу ырчыны ушунчалык тажаткандыктан, кээде топтон кетип калгысы келчү экен. Ошентсе да “ВИА-Гранын” тез-тез алмашып турган солисткаларынын ичинен Вера гана топто 4 жыл бою алмашылгыс болуп иштеди.Топтун ийгиликтин туу чокусуна чыккан учуру Вера кошулгандан кийинки убакытка туш келип калганы бекеринен эмес. Анын коңур үнүнө, чырайлуу келбетине суктанган күйөрмандары топтун концерттеринде бош орун калтырышчу эмес. Бирок, бүтпөгөн концерттерден тажаган Вера азыр чыгармачылыктан четтеп, эс алууда жүргөн кези.

ТУН СҮЙҮҮСҮ
Вера студент кезинде аны кафелердин бириннен көрүп ашык болуп калган Виталий аттуу жигит 3 ай бою шаардан издеп жүрүп таап алат. Жаш жигит сулуу кыздын артынан чуркап жүрүп сүйүү­сүнө арзыганга жетишет. Веранын апасы аларга бата берип узатканы менен үйлөнбөй чогуу жашап жаткандарын колдочу эмес. Көп өтпөй алар Соня аттуу кыздуу болушат. Бирок, балалуу болгонуна карабастан жолдошунун акча таппаганынан улам экөө ажырашып кетишет. Вера ырчы катары белгилүү болгон соң Виталий ММКга: “Биз таанышканда Вера чачы кыска, эски кийимчен, сынык көз айнек тагынып жүргөн кыз болсо да, жанда жок сулуу эле. Мен кийин башкага үйлөнүп андан алыстасам да, азыркыга чейин Вера мага “жылдыз” эмес, кызымдын апасы, сүйүктүү айым. Аялымдын мени жалгыз Верадан кызганганы да жөндүү нерсе. Аны караган эркек болобу, аял болобу, баары андан көз ала албай калат. Мен Вера экөөбүздүн сүйүүдөн жаралган кызыбыз бар экенине жана анын ийгиликтерине чексиз кубанам. Ал азамат кыз!”- деген билдирүү жасаган.

УЧУРДА
Учурда белгилүү ырчы кыз Киев шаарында 8 жашар кызы Соня жана жашырып жүргөн украиналык миллиардер күйөөсү Михаил Киперман аттуу бизнесмен менен бирге жашайт. 2007-жылдын декабрь айынан тарта Биринчи канал тартуулаган “10дун сыйкыры” аттуу көңүл ачуучу оюнду алып барат. Үйүндө болсо кызынын атасы Виталий тууралуу сөз сүйлөөгө тыюу салынган. Вера өзүнүн жеке турмушуна кийлигишип, бул тууралуу суроо салгандарды жаман көрөт. “Менин убактылуу эс алууда жүргөнүм эч кандай боюма бүткөнгө же топ менен келишпестиктерге байланыштуу эмес, мен жөн гана убактымды үйбүлөмө арноодомун”,- деп билдирет Орусиянын сары чач периси Вера Брежнева.

Даярдаган Махабат Догдурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан