Кыргызстан эки аптадан кийин тагдыр чечүүчү жана тарыхта калуучу шайлоону башынан өткөргөнү турат. Балким, шайлоодо добуш берүүчү кагаздын көлөмү дагы тарых барактарында жазылып, өзүнчө рекордду жаратышы ыктымал. Анткени 29 партиянын аты жазылган бюллетендин узундугу 70 сантиметрдин тегерегинде. Аны урнага салуу үчүн төрт жолу бүктөөгө туура келет.
Ошондой эле шайлоого катышып жаткан 29 партиянын кезеги аныкталды. Чүчү кулактан “Ар-намыс” биринчиликти алса, алгачкы үчилтикти “Содружество” менен “Бүтүн Кыргызстан” толуктады. Ал эми “Ата Мекен” партиясы бюллетендин 11-орунунда.