АКШнын президенти Барак Обама менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Роза Отунбаева 24-сентябрда жолугушуу өткөрмөкчү. Андан сырткары президент айымга Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун башкы Ассамблеясынын жалпы талкуусунда сөз сүйлөөгө кезек берилди.
Обама менен отуруп сүйлөшүүгө чейин Роза Отунбаева америкалык басылмаларга маек курган. Анда АКШнын президенти менен кайсы тармакта сүйлөшө тургандыгы учкай айтылды. Президент айым «Манас» аэропортунда жайгашкан транзиттик ташуу борборун күйүүчү май менен камсыз кылган жеке компанияларды бирдиктүү ишканага алмаштыруу зарылдыгын айткан. Өз учурунда ал Кыргызстан жана орусиялык “Газпром” компаниясынын ортосунда түзүлөт. Бул маалымат жарык көрөрү менен серепчилер түрдүү пикирлерин айтып киришти.
Көп жылдар бою элчи болуп иштеп калган Роза Отунбаева эки державанын кайсы бирине ообой, экөөнүн тең тилин табууга аракет кылып жатат дешүүдө. Бир жагынан орусиялык компаниядан көз каранды болгусу келбеген АКШны ага чейинки компаниялардан алыс болууга чакырат. Эске салсак, 7-апрелге чейин «Манас» аэропортундагы америкалык майдан Максим Бакиевге тиешелүү компаниялардан күйүүчү май сатып алып турганы күбүр-шыбыр айтылган болчу. Экинчи жагынан, Кыргызстан орусиялык “Газпромду” эсепке алуу менен америкалык майданды чыгаруу басымынан жана нефти продуктуларына киргизиле турган салыкты жокко чыгарууга аракет жасоодо.
Кантсе да Роза айым котормочусу жок эле Обама менен да өз ара тил табышып, эң маанилүүсү, Кыргызстан үчүн пайдалуу жыйынтыктарга ээ болуп кайтууга жан үрөгөнү сезилет.
Маалымат үчүн: Президент айымды кезектеги сапарында вице-премьер-министрлер Өктөмхан Абдуллаева, Жантөрө Сатыбалдиев жана Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коштоп жүрөт. Ал эми БУУнун жыйынына биздин башчыдан тышкары 140 өлкөнүн лидерлери катышып жатат.