Зак Снайдердин көптөн күткөн “Түнкү сакчылардын уламышы” аттуу мультфильми өзү күткөндөй болбой калды. Күздө таш жарган анимациялык долбоор болот деп турганда биринчи күнү 16,3 миллион доллар түшкөн. Бул көрсөткүч анимациялык фильмдердин 68-орунунда. Эскерте кетсек, 2000-жылы тартылган “Покемон” же 1992-жылы тартылган “Алладин” да мындан көп каражат тапкан эле.