Совет доорунда тартылган, көпчүлүк ушул күнгө чейин кайра-кайра көрүүдөн тажабаган “Кызматтагы махабат” тасмасы жаңыланып тартылууда. Мындай жоопкерчиликти Орусиянын «Леополис» компаниясы моюнга алган. Жаңы тасма “Кызматтагы махабат: Биздин убак” деп аталат. Режиссёру – Сарик Андреасян. Мында Калугинанын ролун – Светлана Ходченкова, Новосельцевдикин – Владимир Зеленский, Самохваловдукун – Марат Башаров аткарышат. Анастасия Заворотнюк – Рыжованын ролунда. Кино 2011-жылдын 17-февралында жарыкка чыгат.