101 жашында актриса Глория Стюарт дүйнө менен коштошту. Актрисалык карьерасында ал 70тен ашык тасмага тартылган. Бирок аны Жеймс Кэмерондун “Титаник” тасмасындагы Роуздун карыган кезин аткарган ролу атактуулукка алып келген. Ошол роль үчүн актриса “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок жетпеген. Эсиңизде болсо, тасмада да Роуз 101 жашында көз жумган эле.