САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

Учурда кыргыз эли кыргыз деген улутту дүйнөнүн калың катмарына жеткирген кайталангыс уулу Чыңгыздан ажырап, күйүт тартып отурат. Бирок, Айтматовдун көзү өтсө да артында түбөлүктүү, муундан-муунга жашачу өчпөс чыгармалары кала берди. Анын чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдердин саны да бир топ. Алардын бири – 1966-жылы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган “Саманчынын жолу” тасмасы.

Режиссёру – Геннадий Базаров
Сценарийин жазгандар – Чыңгыз Айтматов, Игорь Таланкин
Оператору – Валерий Виленский
Ролдордо: Толгонай – Бакен Кыдыкеева, Толгонайдын жаш кези – Таттыбүбү Турсунбаева, Касым – Болот Бейшеналиев, Алиман – Раушан Сармурзина, Субанкул – Насыр Кытаев, Майсалбек – Руслан Эшмамбетов, Жайнак – Токтогул Какчекеев

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Чыгарманын түп нускасы сыяктуу эле фильмдин негизги окуялары катары Улуу Атамекендик согуштун каардуу жылдары сүрөттөлөт. Согуштагы жоготуулар, кан какшаткан күйүт, ачарчылык, ошондой эле тынымсыз эмгектенүү, зарыга күттүргөн үмүт Толгонай эненин эскерүүсүндө баяндалат.
Фильмдеги баяндоо адамдар ортосундагы кагылышуудан улам кичинекей Толгонайдын ата-энесинен айрылып калган күнүнөн башталат. Ошондогу чачын сербейткен кара кыз бой жеткенде суйкайган сулуу кыз болуп чыга келет. Иштеп ишке, күлүп күлкүгө тойбой турган жаш кыз келечекте өзүнүн түбөлүктүү жары боло турган адамы Субанкулга жолугат. Ошондогу Субанкул менен Толгонайдын тунук, таптаза сүйүүсүн эч ким булгай алмак эмес. Бир нече асыл үмүт, аруу тилектер менен баш кошкон эки жаш Касым, Майсалбек, Жайнак аттуу үч уулдуу болушат. Балдардын туну болгон Касым арзыганы Алиманга баш кошот. Бирок, экөөнүн жай турмушу согуш жылдарына туш келет. Ошентип, капыстан кол салган душмандардын огунан атамекенин коргоо үчүн бир үйдөн бир эмес, төрт эркек тең кан майданга аттанат. Толгонай келини экөө ыйлап-сыктап кала беришет. Кайраттуу Толгонай мүңкүрөп отуруп калбастан, “согуштагы жигиттерге” деп айылдан буудай чогултуп согушка жиберип, талаада эгин айдап эркектин да жумушун аткарат. Ошондой күндөрдүн биринде Субанкул менен Касымдан бирдей кара кагаз келип, Толгонай да, Алиман да бир убакта жесир калышат. Курган эненин күйүтү ушуну менен гана токтоп калса гана?! Ал Майсалбегинен да, Жайнагынан да ажырайт. Медер тутуп жүргөн келини акыры төрөттөн каза болот. Ушунча күйүттү тарткан эне акыры өз небереси болбосо да Алимандын баласынын аман-эсен жанында жүр­гөнүнө топук кылып кала берет.

РЕЖИССЁРДУН БИРИНЧИ ЭМГЕГИ
“Саманчынын жолу” тасмасы 24 жаштагы кино тартуу ишине али бармагын салып көрө элек Геннадий Базаровдун биринчи эмгеги экенине айрымдар ишенишпесе керек. Чындыгында, бул кинону тартуу ВГИКти жаңыдан аяктап жаткан студенттин дипломдук ишине берилген тапшырма эле. Ошол кезде эле бүткүл Советтер Союзуна аты чыгып калган жазуучунун чыгармасына кино тартууну Чыңгыз Айтматов өзү сунуштаган. Ушунчалык жоопкерчиликтүү бул ишти баштоо жаш режиссёр үчүн чоң сыймык болгону менен ошол эле учурда коркунуч да алып келген. Кино тартууга киришкен режиссёр тасманы тартып баштаганда эле өзүн жоготуп салган. Анткени, тасмага тартылчу актёрлордун баары ошол кездеги атактуулар болгон. Жаш жигиттин бул абалын байкаган Бакен Кыдыкеева Базаровду колунан кармап четке сүйрөп чыгып: “Сен режиссёрсуң, команда бергиниң, биз сенин айтканыңды кылабыз”,- деп айткандан кийин гана режиссёр ишке киришкен. Ошентип, жаш режиссёр эң биринчи тарткан тасмасы – “Саманчынын жолу” менен дипломдук ишин “5” деген баага коргогон. Ошондогу Кыргыз Эл артисти Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образынан кийин СССРдин Эл артисти наамына татуу менен Бүткүл Союздук фестивалда “Аялзаттын образын эң мыкты жараткан” деген да наамга ээ болгон.

«БАКЕН ЭЖЕНИ АЗ ЖЕРДЕН ПОЕЗД ТЕБЕЛЕП КЕТЕ ЖАЗДАГАН»
Чыгармачылык жолун жаштыгына карабай мазмундуу да, көркөмдүү да тасма жаратуу менен баштаган белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаров “Саманчынын жолу” тасмасынан кийин да бир топ фильмдерди жараткан. Учурда “Кыр­­­­гыз­теле­фильм” студиясында эмгектенип жаткан режиссёр менен “Саманчынын жолу” тасмасы туурасында азын­оолак маек курган элек.
– “Саманчынын жолу” тасмасын тартууда жаш болсоңуз, анын үстүнө, биринчи эмгегиңиз болсо, бир топ эле кыйналсаңыз керек?
– “Саманчынын жолу” фильмин тартуу учурунда жоопкерчиликти, ишенимди аткара албай каламбы деген коркунучтун баары артта калды. Азыр бул фильмди көргөнүм­дө менде сыймыктануу болбой койбойт. Жаш болсом да мындай тасма тартуу мен үчүн абдан оңой болду десем болот. Анткени, ошондо эле бир топ тажырыйбалары бар, таланттуу актёрлор менен иштешүү ишти абдан жеңилдетти.
– Алимандын ролун да тажрыйбалуу актриса ойноду беле?
Алимандын ролун Казакстандагы окуу жайлардын биринде окуган Раушан Сармурзина аттуу студент кыз ойногон. Бул кызда эч кандай актёрлук тажрыйбасы да, билими да жок болгону менен кастингге келген бир нече кыздын арасынан өз жөндөм­дүүлүгүн көрсө­түп, киного тартылуу мүмкүн­чү­лүгүнө ээ болгон. 60 жаштан ашкан Сармурзина учурда Казакстанда жашайт. Химия илимдеринин академиги.
– Кино кайсы жерден тартылган?
– Кино Кочкордон, борбордон, Казакстандан тартылган. Айылды атайын издеп жүрүп Кочкордон тапканбыз. Анткени, бизге согуш жылдарын элестеткен, көрүнүшү начар кыштак керек эле. Ал эми Майсалбектин поезд менен келип, энесине жолукпай кеткен жерин 40 градус суукта Казакстандын станциясында тартканбыз.
– Тартуу учурунда сизге коркунуч алып келген учурлар болгон жокпу?
– Андай учурлар болбой койбойт экен. Майсалбектин “баратам” деген каты келгенден кийин Толгонайдын аны тоскону барган жеринде Бакен эжени аз жерден поезд тебелеп кете жаздаган. Ошондогу менин жүрөгүмдүн түшкөнүн сурабаңыз.
– Азыр ошол эле кинону тартуу мүмкүн­чүлүгүнө ээ болсоңуз, кандай тартмак элеңиз?
– Мен азыр тартмак эмесмин. Анткени, ошондогу эл согуштун каардуу жылдарына туш болгон, согуш эмне экенин билип калган эл болчу. Алар мени көп кыйнашпай, өткөн турмушту кайрадан элестетип, согуш жылдарын кайрадан баштарынан өткөрө ойноп беришкен. Ошон үчүн кино да элдин жүрөгүнө жетээрлик болду деп ойлойм. Мен азыркы жаштарга ошондогу чапандарды кийгизип, “согуш жылдарын ойногула” деп кыйнай албайм.

«РЕЖИССЁР АЛИМАНДЫ БЕТТЕН АРЫ ЭКИ ЧААП, АШАТА СӨГҮП ЫЙЛАТКАН»
Кинодогу Жайнактын ролун аткарган Токтогул Какчекеев азыр кыргыз элине төбөсү көрүнүп калган саясатчылардын бири. Учурда КРнын саясатчылар ассоциациясынын башкаруучу директору.
Токтогул мырза, айтсаңыз, “Саманчынын жолу” фильмине кандайча тартылып калгансыз?
– Мен анда “Кыргызфильм” киностудиясында киномеханик болуп иштечүмүн. 1962-жылдары Геннадий Базаров баштаган чыгармачылык топ кино тартуу үчүн атайын курам түзө баштады. “Мага жардамчы болосуң, анан киного тартам”,- деп режиссёр өзү чакырып алган. Айткандай эле режиссёрдун жардамчысы да болуп, Жайнактын ролун да аткарып калдым.
– Тартылуу учурунда болгон кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
– Кинонун башындагы эпизоддордун бирин Көл­дүн Кажысай шаарчасында тартып жатканыбызда Бакен эженин туулган күнү болуп, кафелердин биринде өткөрүп калдык. Бир убакта Бакен эже стакандардын бирин сындырып алды. Аңгыча чаңкылдаган официант кыз келип, “бул деген кымбат стакан, бирөө 25 рубль турат!”- деди эле, “арзан эле турбайбы” деп эже дагы 10 стаканды сындырып салды. Анан 11 стакандын акчасын санап берди. Кафенин жетекчиси тиги кыздын бизге жасаган мамилесинен улам “жумуштан кетирем” деп жинденип чыкканда, Бакен эже өзү алып калган.
“Алимандын төрөөр алдындагы чаңырганы чыныгы чаңырык болсун” деп борбордогу үч-төрт төрөт үйүн бир нече күн аңдыдык. Азыркы Бейшеналиева менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги №2-төрөт үйү ошондо эле бар болчу. Бир күнү ошол төрөт үйүндө 14 жаштагы бир келин биринчи баласын төрөп калды. Барып анын төрөт учурунда чаңырганын жаздырып келгенбиз. Бул эмгегибизди көркөм кеңешке көрсөтсөк: “Жан сыздаткан оор чаңырык болуп калыптыр, жарабайт, жеңилирээк кылгыла”,- деп чыгышкан. Жини келген Бакен эже ордунан туруп: “Аял турмушта төрөгөндө ошентип эле чаңырат, адамдын ичинен адам чыгыш деген оңой бекен?!”- деп баарын сүйлөтпөй койгон. Ал эми Касым менен Субанкулдун өлгөнүн угузганда Толгонай менен Алимандын чуру-чуу түшүп ыйлап калган жери бар эмеспи. Ошол эпизодду он чакты жолу кайра-кайра тарткан элек. Алимандын ролун жараткан актриса болсо: “Кайра-кайра ыйлай албайм”,- деп көгөрүп туруп алды. Болжол менен бешинчи-алтынчы дубль болсо керек эле, съёмка башталып, Алиман чуркап келгенде режиссёр аны жаактан ары эки чаап, чындап эле элдин көзүнчө ашата сөгүп салды. Ошондо Алиман ыза болгонунан эле катуу ыйлап жиберген. Ал эпизоддон ошентип араң өткөнбүз.
Бакен эже болсо кайсы образга болбосун ичине жандүйнөсү менен сүңгүп кирип, ыйлачу жеринен дароо ыйлап жиберчү.
“Саманчынын жолунан” кийин дагы роль жарата алдыңызбы?
– Жок, киного тартылып, бир дагы роль жараткан жокмун. Москвада, андан кийин Америкада, анан Германияда аскердик билимимди өркүндөтүп, ошол боюнча аскер кызматкери катары өлкөмө кызмат өтөп келдим.
– Азыр “киного тартылыңыз” деген сунуш түшсө, кандай кабыл алат элеңиз?
– Сүйүнүп эле кабыл алмакмын. “Мага аскер кызматкеринин ролун беришсе” деп ичимден кыялданып калам.

Даярдаган Сүйүн Кулматова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Muktar.baatyrjigit
2014-05-28 19:21:32
abdan sonun kino maga jagat
0
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан