«Кыргызфильм» студиясы өкмөт алдындагы агенттик менен биргеликте “Ханбийке Назик” аттуу толук метраждуу фильм тартууга камынууда. Режиссёру жана сценарийдин автору Эрик Салиев, оператору Жош Хаммит. Ханбийке Назиктин ролунда Айдай Салиева, анын атасынын ролун Азиз Бейшеналиев, апасыныкын Румия Агишова аткарат. Съёмка бир аптадан кийин башталат. Тасма Ысык-Көл жергесинин Кажы-Сай айылында тартылат. Мындай маалыматты «Кыргызфильмдин» башкы директору Бакыт Карагулов билдирди.