Өткөн аптада мушкерлерибиз коңшу Казакстандын Алматы шаарынан дагы олжолуу кайтышты. Мындан бир нече апта мурда эле Астанада өткөн мелдеште ийгилик жаратышкан эле. Кызыгы, бул жолу да керекке Чингис Борбашев (81 килограмм салмакта) жарады. Ал Өзбекстан, Түштүк Корея өңдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан эл аралык мелдештен алтын медаль менен кайтып, учурда жакшы спорт калыбында экендигин далилдей алды. Андан сырткары Азат Усеналиев ( 49), Руслан Карипов (75) жана Сергей Паренко (91) коло медалдарга илинишкен.