26-сентябрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда улуттук чемпиондуктун көч башы – «Нефтичи» упай жоготту. Жергиликтүү “Алга” менен болгон оюн 1:1 эсебинде аяктады. Оюндун жүрүшүндө кочкор-аталыктар 2 ирет пенальти тебүү укугуна ээ болсо да, 2 жолу тең топтун жолун «Алганын» дарбазачысы тосуп алды. Жаан астында өткөн оюнда «нефтичилер» майданда эле эмес, чемпиондук күрөштө да тайгаланып түштү десек аша чапкандык болбос. Ошентсе да «Нефтичинин» мелдеш жадыбалында кайрадан 1-орунга көтөрүлүп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени алар 3-октябрда Кочкор-Атада Мьянмадан кубоксуз кайтып, жини келип турган “Дордойду” кабыл алышат. Беттештин башталышы 16:00дө.