26-сентябрда Мьянма өлкөсүндө АФКнын президентинин кубогу жыйынтыкталды. Анда өлкөбүздүн намысын коргогон «дордойчулар» финалда жергиликтүү “Яданарбон” командасына жеңилип калышты. Оюндун негизги бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, кошуп берилген убакытта үй ээлери жеңиш голун киргизе алышкан. Команданын машыктыруучусу Сергей Дворянков жеңилүүнүн себебин чабуулчулардын мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албастыгы менен түшүндүрдү. Ошентип, “Дордой” быйыл да аталган мелдешти жеңе албады. Эске салсак, бул кубок мекендештерибизге 2 жолу багынган.