ЭЧ КАЧАН «ЭЧ КАЧАН» ДЕП АЙТПА!

“Сөздөн мүдүрүлгөн турбайт” демекчи, бир кезде айтылган сөзүбүз кайра өзүбүзгө каршы чыгышы да мүмкүн. Себеби, кээде жашоодо биз айткандай болбой, турмуш нугу таптакыр башка жакка агып кетет да, айтылган сөздөр куру сөз бойдон кала берет. Гезитибиздин эски сандарын барактаганыбызда, буга далил катары белгилүү адамдардын интервьюлары чыга келди.

Нурзат Токтосунова: «ЭМИ «БРАВОНУ» ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙМ»
“... Эмнегедир эфир жүз пайыз купулума толо элек. Анын үстүнө, өнөктөш­төрүм да эфирге биринчи жолу чыккандык кылып көп учурда сөздө­рүн унутуп коюп жатышат. Ал эми эфир бүт­көндөн кийин тааныштарым телефон чалып куттукташып, билдирүү­лөрдү жөнө­түшүп маанайымды көтө­рүшөт. Азыр мага тааныш чөйрөгө келип, өзүмдү аябай жакшы сезип жатам. Эми «Бравону» эч качан таштабайм...”
“Супер-Инфо”, №197, август, 2006-жыл.

НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА: – Ал убакта телевидениеге кайтып келүүгө түзүлгөн жакшы мүмкүн­чүлүк болгондуктан, “Браво” телеберүүсү мен үчүн абдан чоң мааниге ээ болчу. Чындыгында эле «бул берүүдөн кетпейм» деп ойлогом. Кыз киши жеке турмушунун келечегин так айта албайт эмеспи, ал убакта турмушка чыгуу тууралуу оюм жок эле. Азыркыдай шарт менен Алматыда жашап калаарым түшүмө да кирген эмес. Эгерде мындай кубанычтуу жагдай болуп кетпегенде, “Браводон” таптакыр кетмек эмесмин.


Айбек Карымов: «КИМДИР-БИРӨӨНҮ СҮЙҮП КАЛЫП, ҮЙБҮЛӨМДӨН АЖЫРАГЫМ КЕЛБЕЙТ»
“... Келинчегим Айнура мени бардык жактан колдоп, түшүнүп, чыгармачылыгымды сыйлап, өз салымын кошуп келет. Уулум Медер быйыл 1-класска барат... Үйбүлөлүү адам болсом да сүйүүсүн айткан кыздар жок эмес. Бирок, кимдир-бирөөнү сүйүп калып, үйбүлөмдөн ажырагым келбейт. Сүйүү келбесин деп Кудайдан тилейм...”.
“Супер-Инфо”, №6, июль, 2002-жыл.

АЙБЕК КАРЫМОВ: – Эм-и-и кандай десем?.. Жашоодо ар кандай нерселер боло берет турбайбы. Ал кезде көп­төгөн максаттарым бар болчу, кээбирине жетсем, кээбири ишке ашпай калды. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ошол да. Бардыгы биз ойлогондой, биз көздө­гөндөй болбойт тура. Бирок, мен Айнура менен башка бирөөнү сүйүп калып ажырашкан эмесмин, жөн гана ортобузда ар кандай түшүнбөстүк­төр болуп кетти. Тагдыр өз билгенин кылат экен, атаңдын көрү! Ушундай болуп калды... Ошентсе да, азыр аларга каралашып турам.

p.s. Айбек байке минтип айтканы менен эл арасында «экинчи жары Бурул менен да ажырашып кетиптир» деген имиштер көп айтылууда.


АЛЕКСЕЙ ФИЛАТОВДУ «ХИТ-ПАРАДДАН» КИМ КЕТИРДИ?
“Алексей Филатов «Хит-парад» берүүсүнөн кетип, НБТ каналында «НБТнын жаңы жылдызы» берүүсүн алпарып жатканы белгилүү. Алексейдин «Хит-параддан» кетүүсүнүн себебин билгиси келгендер көп. Мунун себебин Лёша өзү: “Акыркы учурда мен «Хит-парадды» алпаргым келбей калган. Анткени, башында чыныгы мыкты делгендер катышып келсе, кийинки учурда ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле чыга баштады. Ушундан улам менде нааразычылык жаралды. Мындай көрүнүш менин да, «Хит-параддын» да кадыр-баркын түшүрүп жибергендей болду”,- деп түшүндүрдү.
“Супер-Инфо”, №210, ноябрь, 2006-жыл.

АЛЕКСЕЙ ФИЛАТОВ: – Ошол учурда бул айтылган сөздөрүмдүн маңызы бар болчу. Жөн эле айтылган сөз эмес эле. Мен “Хит-парадга” туура бир жылдан соң кайра кайтып келдим. Ал убакыттын ичинде “Хит-парад” кайра мурунку деңгээлине кайтып келе алды. Ал гана эмес, азыр бул телеберүү көптөгөн ийгиликтерге жетишип, УТРК­да гана эмес, башка телевизиондук каналдардын көңүл ачуучу берүүлөрүнүн мыктыларынын ичинде. УТРКдан кеткенден кийин гана бул каналды сырттан карап, аны баалаганды үйрөн­дүм. Бул жерде көптөгөн мүмкүн­чүлүк­төрдүн ачылаарын түшүндүм. Ошол эле бир жылдын ичинде кайсы жерге барбайын, “эмне үчүн “Хит-параддан” кетип калдың? Сенсиз кызыксыз боло түштү” деген сөздөрдү да угуп жаттым. Ошондуктан, “улутума карабай эле угушат турбайбы, көрө албастардан сырткары күйөрмандарым да бар экен” деген ойго келдим. Ушунун баары бул берүүгө кайтып келүүмө түрткү болду. Бул оюм менен Ассоль айымга кайрылганымда, ал туура көрүп, мени кайра кабыл алган.


Асыл Апасова: «МИРБЕКТЕН ТАПКАН «ПАЙДАМ» ӨЗҮМӨ АРТТЫРЫП АЛГАН ООРУМ БОЛДУ»
“... Мен алгач “ушул балага теңелбей эле коёюн” дедим эле. Бирок, интервьюсун окуган соң бир чети ачуум келсе, бир чети ушунчалык таңкалып, жакамды кармадым... Мен Мирбектен бир тыйын пайда көргөн жокмун. Андан тапкан “пайдам” өзүмө арттырып алган оорум болду. Эгер өзү билсе, мен анын жакшысын ашырып, жаманын жашырчумун... Муздап калган жүрөктүн ысышы оңой эмес экен. Кайра кечирим сурап келсе, кабыл ала албайм...”
“Супер-Инфо”, №250, август, 2007-жыл.

p.s. Асыл эжеге бул сөз тууралуу кайрылганыбызда, ал Мирбек экөөнүн жаңыдан кайра башталып келе жаткан ишине бул сөздөр жагымсыз экенин айтып, Мирбекти кабыл алганынын себебин айткысы келген жок.

Даярдаган Махабат Догдурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан