“Кыргыз элим” аттуу ыр жыйнагын чыгарган Добр “ырларымдын топтому базарларда жакшы өтүп жатат. Алгач чыгарган 500 даана диск бат эле сатылып кетип, эми кайрадан чыгарып жатабыз” деп сүйүнүүдө. Бул ыр жыйнагына 32 ыр камтылган. Диск чыгаруу деле арзан болбогондуктан, Добрга Рустам аттуу дос баласы жардам берген. Учурда “Ош базары” менен “Дордойдо” Добрдун дисктеринин заманы болуп жатыптыр.