Көп учурда аялзаты туздуу тамакка табити тарта баштаганда эле кош бойлуулук тууралуу кабар алышат эмеспи. Туздалган жашылчаларды эңсей баштаган Жанара Атабекова уулу Нуртилекти инилүү же карындаштуу кылам деп кубанычы коюнуна батпай турган кези. Биз да ылайым кыргыздын саны көбөйө берсин деп тилек кылмакчыбыз.