Ак жоолук салынгандан кийин Азизадан кабар жок болуп кетти. Көрсө, Азиза айылда келин кызматын өтөп, кайра борборго чуркап жаңы клиптерди тарттырып жүрүптүр. Ырчынын айтымында, турмуш кургандан кийин көп нерсе өзгөрүптүр.
“Мен эми бойдок кездегидей алыс жактарга гастролдорго чыгууну токтотом. Мени сүйгөн, "качан келет?" деп күткөн адамыма көп убактымды арнайм”,- дейт ырчы.