АЛТЫН ШАКЕКТИ ДАЙЫМА ТАГЫНЫП ЖҮРҮҮ ЭРКЕКТИ АЛСЫЗДЫККА ЖЕТКИРЕБИ?

КОШ БОЙЛУУЛУКТУ АНЫКТООЧУ ТЕСТ ТУУРА КӨРСӨТӨБҮ?
– Учурда келинчегим экөөбүздү анын кош бойлуу болуп калгандыгы же кош бойлуу эместиги кызыктырып жатат. Келинчегим дарыканадан кош бойлуулукту аныктоочу тестти сатып алып колдонуп көрсөм дейт. Ушундан улам тест туура көрсөтөбү деп сурайлы дедик эле. Нурбек, Бишкек.

– Кош бойлуулукту аныктоочу тест 98-99 пайыз туура көрсөтөт. Тест заарадагы гормонду, хорионикалык гонадотропинди аныктоого негизделген. Бул гормон уруктанган клетка жатынга жабышкандан тарта, башкача айтканда, бойго бүткөндөн баштап иштелип чыга баштайт. Жатындан сырткары бойдо болгон учурда да бул гормон иштелип чыгат. Ошондуктан, тест дарыканадан сатылып алынса жана колдонуу мөөнөтү өтө элек болсо, ага ишенүүгө болот. Айта кетчү нерсе, тестти эртең менен заарада гормондун концентраты көп учурда колдонуу жакшы.

АЛТЫН ШАКЕКТИ ДАЙЫМА ТАГЫНЫП ЖҮРҮҮ ЭРКЕКТИ АЛСЫЗДЫККА ЖЕТКИРЕБИ?
– Менин күйөөм үйлөнгөнүбүздө салынган алтын шакекти тагынгысы келбейт. Майрамдарда, анан тойлордо гана тагынбаса алып салат. Бул тууралуу сурасам, ал "Нике шакегин дайыма тагынуу эркектин бел кубатын жоготууга жеткирет" дейт. Ушул туурабы? Гүланда, Лейлек.

– Окумуштуулардын аныктоосуна таянсак, алтын шакекти көп жыл тагынып жүрүүгө болбойт. Анткени, алтын убакыт өткөн сайын кычкылдана баштап, химиялык реакциядан улам бөлүнүп чыккан жаман заттар канга кошулат. Ал эми канга кошулган жаман заттар эркектин жыныс безинин иштөөсүн бузуп, сексуалдык кыйынчылыктарга жеткирет. Ал эми аялдардын жыныстык системасы тышкы таасирлерден жакшы корголгондуктан, алтындын кычкылдануусу залалын тийгизбейт.

"БӨЙРӨГҮ ЫЛДЫЙ ТҮШКӨН"АЯЛ ДЕНСООЛУГУ ЧЫҢ БАЛА ТӨРӨЙ АЛАБЫ?
– Бир топ мезгилден бери бөйрөк жагым ооругандыктан, дарыгерге көрүнсөм, бөйрөгүмдүн ылдый түшүп кеткендиги белгилүү болду. Ошондон бери мен боюмда болуп, саламаттыгы чың бала төрөй аламбы деп ойлончу болдум. Ушул суроомо жооп берип коёсуздарбы? Айжан, Ош.

Толук мүмкүн. Болгону дарыгердин көзөмөлүндө болуп, ал сунуштаган анализдерди тапшырып, текшерилип турууңуз керек. Балалуу болууну пландоонун алдында да кандан, заарадан анализ тапшырып, сезгенүүлөр бар же жок экендигин аныктатып алууңуз кажет. Буга кошумча гормоналдык текшерүүлөрдөн өтүп, УЗИ жасатууңуз да керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 189, 16-22-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан