КЫЛЫМДЫ КАРЫТКАН КҮН ДА БАТТЫ

“Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кайсы жерге көмүлгөнүңдү да билбеймин. Мына ушул эмгегимди, Төрөкул Айтматов, сага арнаймын.Апа, сен бизди өстүрүп адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүшүңдү тилеп, апам Нагима Айтматова, сага арнаймын”.
Чыңгыз Айтматов айтылуу “Саманчынын жолу” жыйнагын дал ушундай сөздөр менен баштаган. Ушинтип бир кезде атасынын кайсы жерге көмүлгөнүн билбегени үчүн өксүгөн жазуучу эми кечээ жакында гана 1991-жылы табылган атасынын мүрзөсүнүн жанынан жай таап, түбөлүккө уйкуга кете берди. Алыскы Нюрнбергден келген суук кабар ар бирибиздин жандүйнөбүздү калтаарытканы менен өлүм актыгын дагы бир жолу айгинеледи. Ошентип, кылымды карыткан Күн да батып кете берди.

“ЭЛ ДУШМАНЫНЫН” УУЛУ
“Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет...” демекчи, 1928-жылдын 12-декабрында, ызгаардуу кыш чилдесинде жарыкка келген тун уулунун келечекте ааламга даңкы кеткен адам болоорун Төрөкул Айтматов менен Нагима апа билбесе керек. Үйбүлөдө тун уулдун жарыкка келгенине, тукум улаар ат казык төрөлгөнүнө гана кубанышкан чыгаар.
Ал кездеги кыргыз интеллигенттеринин алдыңкы катарында жүргөн Төрөкул Айтматовдун балдары алгач жетиштүү турмуш кечиришип, ата-эненин мээримине ченемсиз бө­лөнүшкөн. Жазуучунун айтымында, 1936-1937-жылдары атасы окууга чакырылганынан улам Айтматовдор Москвада жашашат. “Бир күнү атам бизди Казань вокзалына алып келип, поездге салды да, өзү калып калды. Ошондон тартып атама “эл душманы” деген жалаа жабышкан. Биз атамды ошол боюнча кайрылып көрбөдүк. Арадан жыйырма жыл өткөндө анын 1938-жылы ноябрда атылып өлтүрүлгөнүн билдик”,- деп эскерет жазуучу.
Ошентип, чийедей төрт бала, күйөөсүнөн тирүүлөй айрылган жаш келин Шекердеги Төрөкул Айтматовдун биртууганы Карагыздын үйүнө баш калкалап жашап калышат. Ушул үйдө жүрүп залкар жазуучу тил билбеген айылдаштарына котормочулук кылган. Анын айтымында, жайлоодо аргындаштыруу үчүн атайын алынып келинген асыл тукум айгыр өлүп калат. Борбордон келген текшерүүчүлөр орусча, малчылар кыргызча сүйлөп, бирин-бири түшүнө албай кыйналышат. Ошондо чогулгандардын бири кичинекей Чыңгызды эстей коёт. Мотурайган бала үйдөгүлөрдөн алгач чочулап туруп калып, анан текшерүүчүнүн: “Тартынбай сүйлөй бер. Мобул агаларыңдан сурачы, ат эмнеге өлүптүр?”- деген жылуу кебинен тилге келип, эки жактын кебин которуп берет. Кеп аягында төрдөгүлөр­дүн бири кичинекей баланын зээнине ыраазы болуп, колундагы чоң жилигин сунган экен. Бул жазуучунун өмүрүн­дөгү биринчи “гонорары” эле.
Атасынан айрылып, “эл душманынын” баласы аталып, түрткүндүдө жүргөн Чыңгыздын дүйнө­сүн эми согуш оту аралады. Батышта башталган согуш оту кыргыз айылдарынын ар бирине жетип, эңкейген кары, эмгектеген бала, келин-кесектен башкасынын баары түп көтөрүлө майданга жөнөштү. Ошондой күндөрдүн биринде, мектепте сабак жүрүп жатканда класска кирип келген айылдын эки билерманы Чыңгызды алып кетишет. Ошол күндөн тартып Чыңгыз айыл кеңешине катчы болуп иштей баштайт. Он төрт жаштагы Чыңгызды сабактан алып кеткен ошол эки киши залкар жазуучуну балалыктын айылынан чоң турмушка алып кетишкенин билишти бекен?..

“ЭШЕКТИН ОКУУСУН” ОКУГАН ЗАЛКАР
“Өлбөгөн кулга жаз келет” болуп алаамат согуш да бүтүп, каатчылык акырындап оңоло баштаган кезде Чыңгыз Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумга окууга кирет. Студенттик практикада жүрүп туш болгон кезин жазуучу мындайча эскерет: “Мугалимибиз менден короодо турган көк эшекти көрсөтүп, эмне болгон жаныбар экенин сурай кетти. Мен эшектин мындай түрүнүн алгач кайсы жактарда пайда болгонун, кандайча дүйнө жүзүнө таралганын шакылдатып айтып баратып унчукпай туруп калдым. Анткени, тигил короодо турган көк эшектин ээсин таанып калдым. Ал биздин айылдаш болчу. Уялганымдан жерге кирип кете жаздадым. Ал киши ошол эле күнү айылга жетип, “Төрө­кулдун баласы эшектин окуусун окуйт экен” деген кеп жайылтыптыр”.
Айылдашынын алдында катуу уялса да, Чыңгыз Айтматов окуусун улантып, Фрунзедеги Айыл чарба институтунан жогорку билим да алат. Атүгүл 1956-жылы Горький атындагы адабий институтка тапшырганга чейин зоотехник болуп иштеп да жүрөт. Бирок, тээ көкүрөк түпкүрүндө жашаган талант тынчтык бербей, Айтматовду накта өзүнүн чыйырына, жазуучулук чыйырына жетелеп кеткен.

ЧЫГАРМАЛАРЫ – АНЫН ӨЛБӨС-ӨЧПӨС ӨМҮРҮ
Айтматов жазуучулук горизонтко өзгөчө ылдамдык менен көтөрүлүп, анын калемгердик тагдыры да көз артчудай болду. Кырчындай 35 жаш курагында “Тоолор жана талаалар” чыгармалар жыйнагы үчүн ал Советтер Союзунун эң абройлуу Ленин сыйлыгына татыктуу болду. Мындай ийгилик кечээки “эл душманынын” баласы үчүн өзгөчө эле. “Жамийла” өңдүү повесттери аркылуу дүйнө элине таанылган жазуучуга 1980-жылы орус тилинде жарыкка чыккан “Кылым карытар бир күн” романы өзгөчө атак алып келди. Ал эми Советтер Союзунда баңгилик темасы козголо элек кезде 1986-жылы жарыкка чыккан “Кыямат” романы кызуу талаш-тартышты туудурган чыгармаларынын бири болду. Бул романдан соң бир нече жылга чыгармачылык эс алууга чыккан жазуучу “Кассандра тамгасы” романын, андан соң “Тоолор кулаганда же Сардал кыз” романын жазып чыкты. Абдан өкү­нүчтүүсү, дүйнө­лүк классиктин акыркы романы орус тилинен бир нече дүйнө тилдерине которулганы менен көзү тирүү­сүн­дө кыргызчаланбай калганы болду.
Үлкөн өмүрүндө жазуучу нечендеген сыйлыктарга ээ болду. Атүгүл Түр­кия президентинин демилгеси менен түрк дүйнөсүнүн адабий ишмерлери үстүбүз­дөгү жылы Чыңгыз Айтматовду Нобелдик сыйлыкка көр­сөтүү үчүн комиссия да түзүшкөн эле. Тилекке каршы, залкарды мындай наамга жеткизбей шум ажал арабыздан алып кетти.

МАХАБАТ АЙДЫҢЫНДА
Айтматовду Айтматов кылган чыгармаларынын баарында армандуу махабат баяндалат. Миллиондогон окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес. “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов: “Жашыра турганы жок. Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”- деп жазат.
Бир кезде Жаныбек Жанызак аттуу журналист “Айтматовдун айымдары” аттуу китепче жазып, ал китепче калкка кеңири тарап кеткен. Журналисттин бул жоругуна жооп кылып жазуучу жогоруда аты аталган китебинде: “Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли, өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек”,- дейт да, кебин улай: “Керез – алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”,- деп тагдырдын мындай белегине ыраазычылыгын билдирет.

ЭЛЧИЛИК
Жазуучулук өнөрү менен катар Чыңгыз Айтматов мекенинин кызыкчылыгын чет жерлерде коргогон дипломаттык карьера курууга да жетишти. 1990-1994-жылдары Бенилюкс мамлекеттеринде Орусия менен СССРдин элчиси болуп жүрдү. Андан соң үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Франция, Бельгия, Люксембург жана Нидерланды өлкө­лөрүндө Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчилигинин жүгүн аркалап келди.

МУРАС
Кылымда бир жаралаар залкардын артында Санжар, Аскар, Эльдар аттуу уулдары, Ширин аттуу кызы, төрт небереси, төө көтөргүс чыгармалары жана кыргыз эли калды. Кайгыга баткан жазуучунун үйбүлөсү­нүн өкүл­дөрү­нүн айткандарына караганда, жазуучунун мурасы жана чыгармаларына автордук укук анын жесири Мария апа менен кичүү уулу Эльдарга өтөт.

Дүйнөгө түр­күк болгон адам чыкпаса да, кыргызга Чыңгыз өлбө­чүдөй туюлаар эле. Залкар досторуна күлүп: “Жашоодо далай ийлигиликке, материалдык, руханий байлыкка жетишсем да, үч нерсени үйрө­нө албай койдум: машина айдаганды, компьютерде жазганды, кыргыз-орус тилдеринен башка тилде сүй­лө­гөндү”,- дечү тура. Эми жазуучунун кыргызга энчилеп кеткен руханий казынасы менен катар бул өңдүү өзү айткан кептери да эли үчүн баа жеткис байлык болуп, Чыңгыз аганын экинчи өмүрүнө айланып, калкыбызда түбөлүккө жашай бермекчи.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 294, 20-26-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан