Оштун мэри Мелис Мырзакматов август айында Бишкекке келген учурда Ош шаарында “шаар башчы кызматынан алынат экен” деген имиштер таркаган. Анын айынан экинчи борборубуздун аянтына эл чогулуп, алар өкмөттөн мэрди кызматта калтырууну талап кылышкан. Бул ызы-чуулуу окуядан кийин шаар башчысы жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин маалымат айтылбай калды. Кээ бири “эс алууга чыгыптыр” десе, айрымдары “чет жерде жүрөт” дешти.
Чын-төгүнүн билүү үчүн Ош мэриясынын маалымат кызматынын өкүлдөрүнө кайрылдык. Алардын айтымында, Мелис Мырзакматов октябрь айынан баштап кызматына киришет жана ал Ош шаарына кайтып келген. Буга чейин ал Кытайда эс алууда болгон. “Азырынча кызматтан кетери тууралуу маалыматтар бизде жок”,-дешет маалымат кызматынын өкүлдөрү.