Акыркы 18 жыл бою Орусиянын борбору – Москваны башкарып келген мэр Юрий Лужков кызматынан алынды. Мындай болору акыркы айларда байма-бай жарыяланган маалыматтык каралоодон байкалган эле. Бирок муну көбү кезектеги кысым катары баалаган. Эгерде байкасаңыз, орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Лужковду паракорчулук жана тууганчылыгы үчүн айыптай башташкан. Бирок көбү бир ооздон Лужковду президенттин ишениминен чыккандыгы үчүн кызматынан шыпырылды дешүүдө.
Ал эми Юрий Лужковдун жакын досу болгон ырчы Иосиф Кобзондун айтымында, кызматтан алынгандыгы үчүн сотко экс-мэр доо арыз менен кайрылууга ниеттенип жатат. Андан сырткары Лужковго карата басым уланып, кылмыш иштери козголсо да, мурунку шаар башчы Орусиядан кетпей тургандыгын кабарлады.
Эскерте кетсек, кызматтан алынган Юрий Лужков 74 жашта. Ал шаардын башчылыгына 1992-жылы келип, 2010-жылга чейин үч жолу мэрдик шайлоодон утуп чыккан.