Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева өткөн аптада БУУнун саммитинде өлкөнүн тышкы карызынан кечүүнү сунуштады. Анын айтымында, карызды кечишсе, Кыргызстан ордуна айлана-чөйрөнү коргоо милдетин моюнга алат. Буга чейин деле тышкы карыздын көлөмүн азайтуу боюнча түрдүү чаралар көрүлгөн. Алсак, бир канча жыл мурун бийликке ХИПК программасына кирүү сунуштаган. Бирок коомчулук арасында талаш-тартыш пайда болуп, бул кадамдан бийлик баш тарткан. Кийин тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсеп ачылган. Бирок карапайым калк жана колунда бар адамдардын арасында деле өз чөнтөгүнөн мамлекеттин карызын төлөгүсү келгендер дээрлик жок болгон.
Кыргызстандын тышкы карызы азыр 2 миллиард доллардан ашуун. Аны кыргызстандык жарандарга бөлө келгенде, ар бирине орточо эсеп менен 400 доллардан туура келет.