ИВАН ВАСИЛЬЕВИЧ КЕСИБИН ӨЗГӨРТӨТ

РежиссёруЛеонид Гайдай
Сценарийин жазгандарМихаил Булгаков, Владлен Бахнов
ПродюсериЛеонид Гайдай
Ролдордо: Иван Грозный жана Иван Васильевич – Юрий Яковлев, Шпак – Владимир Этуш, Шурик – Александр Демьяненко, Феофан – Савелий Крамаров, ханыша – Нина Маслова, Зина – Наталья Селезнёва, Милославский – Леонид Куравлёв жана башкалар.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Бул тасманын башкаармандары Гайдайдын башка кинолорунан бизге тааныш болгон Шурик жана “Азгырык” фильминде аны менен бирге экзамен тапшырган Лида аттуу жакшы кыз экөө үйбүлө курушкан экен.
Шурик мыкты инженер-окумуштуу Александр Тимофеевге айланып, өзүнүн күчтүү фантазиясы жана билиминин жардамы менен убакытты артка кайтара алган шумдуктуу машина ойлоп табат. Машина ишке киргизилгенде тээ 16-кылымга, тагыраак айтканда, улуу орус падышасы Иван Грозныйдын мезгилине туш келет. Падыша 20-кылымга келип, анын ордуна толук адашы, ардагер жана үй башкарма Иван Васильевич барып калат. Ал эми убакыт машинасынын күтүүсүздөн бузулуп калышы дагы көптөгөн кызыктуу окуяларды жаратат... Акыры болуп өткөн кызыктын баары жөн гана окумуштуу Шуриктин түшү болуп чыгат.

«ЭЛГЕ КОМЕДИЯ КЕРЕК!»
1970-жылдардын эң мыкты комедиант-режиссёру Леонид Гайдай олуттуураак бир фильм тартууну көздөп жүргөн. Албетте, комедия жанрында мыкты тартылган “Ы” операциясы”, “Кавказ туткуну” жана “Бриллиант кол” ага атактуулук алып келген. Бирок, кинематография тарыхында жалаң гана күлкү­лүү тасмалары менен эмес, терең ойго сала турган философиялык сценарий менен иштөөнү тымызын самап жүргөн. Жадакалса Булгаковдун “Качуу” деген чыгармасына көз салып койгон. Бирок, Гайдайдын тилегине каршы, демек, миллиондогон көрүүчүлөрдүн бактысына жараша “Госкино” режиссёрго: “Элге комедия керек!”- деп кезектеги комедия фильмин жаратууну тапшырган. Ошентип, Гайдай Булгаковдун “Качуу” чыгармасынын ордуна ошол эле автордун “Иван Васильевич” аттуу пьесасын колго алат.

ГАЙДАЙДЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШИ
Ошентип, 1973-жылы “Мосфильм” жаңы долбоор үстүндө иштей баштайт. Тасманын сценарийи унутулгус туруктуу фразаларга айланган. Комедия жанрында чоң тажрыйбага ээ болгон режиссёрдун эмгеги дароо эле көрүнүп турат. Актёрлордун тандалышы – башка кеп. Гайдайдын мурунку командасындагы Этуш, Демьяненко, Крачковская сыяктуу актёрлордун оюну кубантпай койбойт. Ал эми композитор А.Зацепиндин эмгеги менен жаралган музыкалык композициялар дале эсибизде.
Аталган факторлордун баары: сценарий, режиссура, актёрдук топ, саундтрек фильмдин зор ийгиликке жетишине жол ачат эмеспи. Анын сыңарындай, тасма заманынын мыкты киношедеврлеринин бирине айланып, “Алтын фонддун” текчелеринен татыктуу ордун ээлеп келет.
Статистика бул тасманы КМШ өлкөлөрүнөн башка Европада, Америкада да албан ийгиликке жетишкенин көрсөтүп турат: Союз боюнча алгачкы эле жылы Гайдайдын фильмин 60 миллион көрүүчү көргөн. Ал эми чет өлкөдөгү кинотеатрларга коюу үчүн тасманын 34 миң нускасы сатылган.

ПЬЕСА МЕНЕН ТАСМАНЫН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ
Жазуучу Булгаковдун сатиралык чыгармасы тасманын өзөгүн гана түзбөсө, Гайдай сценарист В.Бахнов менен чыгарманы дээрлик толугу менен өзгөртүп жазып чыгышкан. Башкача айтканда, пьесанын тилин кино тилине которушкан. Пьесадагы кээбир диалогдорду өзгөртүүнүн дагы бир себеби цензура болгон. Союз убагында ар бир фильм алгач “чоңдордун” алдынан өтүп, эленип, андан кийин гана көрүүчүлөргө сунушталганы белгилүү эмеспи.
Биринчиден, 1935-жылы жазылган пьесадагы окуя ошол 1930-жылдарды сүрөттөгөн. Ал эми фильм 1970-жылдарда тартылган. Мисалы, пьесадагы патефондун ордунда магнитофон турса, радионун ордун сыналгы ээлейт.
Дагы бир айырмачылык, пьесада окумуштуунун аты Николай болсо, режиссёр өзүнүн сүймөн­чүгү Шуриктин эле атын калтырган.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • Иван Васильевичтин ролуна үч ажырагыс образды жараткан актёрлор Никулин, Вицин, Моргуновдор да талапкер болушкан. Ал эми Милославскийдин ролун Куравлев аткарбаганда, бул фильмде андан кем эмес Андрей Миронов, Георгий Бурков сыяктуу актёрлорду көрөт элек.
  • Хан Иоанн Васильевич шаардагы квартирага туш болгондо магнитофондон атактуу “Коёндор жөнүндө ырды” (“Бизге баарыбир…”) угат. Бул режиссёр Гайдайдын “Бриллиант кол” фильминдеги саундтректердин бири.
  • Көрсө, актёрлордун бири Сергей Филиппов тасмада роль алууга чейин 2 ай мурун мээсине операция жасалып оорканадан чыккан. Тасма актёрду “айыктырды” десе болот.
  • Тасманы тартууда керектелген тамак-аш (жер-жемиш, жашылча, ичимдиктер) Жаңы Жыл кечесинен кийин жоголуп кеткен. Азыркыга чейин бул кылмыштын ээлери белгисиз.

ТАСМАДАГЫ КАТАЛАР

  • Иван Грозныйды милиционерлер суракка алып жатканда ал “Христос туулгандан бери 1533-жылкымын” деп жооп берет. Бул сүйлөмдө бир эмес, эки ката бар. Биринчиден, Петр I жыл эсебин Христос туулгандан баштап эсептөө буйругун 1700-жылы гана киргизген. Экинчиден, тарыхый инсан Иван Грозный 1533 эмес, 1530-жылы жарык көргөн.
  • Швед элчиси тасмада швед эмес, немис тилинде сүйлөйт.
  • Иван Васильевич телефондун трубкасын ыргытып жиберген эпизоддо трубка эки кара жипке илинип турганы ачык көрүнүп калган.
  • Шуриктин квартирасы съёмкада эки башка жерде тартылганы режиссёрдун кемчиликтеринен байкалат. Кээбирде бөлмөдө стол жана эски сандык турса, кээде алар жоголуп, ордуна башка эмерек пайда болуп калат. Алтургай терезедеги пардалар да бир нече жолу алмашат.
  • Квартирага уурулукка кирген Милославский катылган жерден акцияларды алып чыгат. “Акчаңарды сактоо кассасында кармаңыздар!” деген фразадан кийин ал колунда акция эмес, акча купюраларын кармап турат.
  • Падышанын тоюнда тамак учурунда ханыша кечке жерди карап отурат. Көрсө, актриса күн мурун күйөөсүнөн муш жеген экен да, көзүнүн астындагы көк көрүнбөсүн деп ылдый карап турган.
  • Дагы бир ачык көрүн­гөн каталардын бири – Иван Грозныйдын катчысынын столу кээде падышанын оң жагында турса, кээде сол жагында турат.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 295, 27-июнь - 3-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан