Бул апта үрөйдү учурган окуя менен эсте калмай болду. Кырсыкты башынан баяндай турган болсок, 29-сентябрда таңкы саат 9да Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Новопокровка айылында тапанча менен куралданган эркек киши автобуска түшөт. Ал айдоочуга тапанчасын кезеп, кийин белгилүү болгондой, жасалма жардыргыч затты көрсөтүп, Ак үйдү көздөй айдоону буюрат. Эгерде айтканын аткарбай турган болсо, автобусту адамдары менен жардырып жиберерин айтат. Ак үйгө сапар алган айдоочу жолду катар кадимкидей аялдамаларга токтоп, элди сала берген. Ошондой аялдамалардын биринде милиция кызматкери Темир Аширбаев автобуска түшмөкчү болордо ага карата ок атылат. Ушундан кийин автобусту артынан кууп жөнөшөт. Автобус Лебединовка айылында токтотулуп, ал эми террорчу колго түшүрүлгөн.
Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголду. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, атышуу жана колго түшүрүү учурунда эч ким жаракат алган эмес.