Суук түшкөнгө убакыт аз калып, ал эми июнь окуясында талкаланган үйлөр калыбына келе электен улам, Ош жана Жалал-Абад облустарында убактылуу үйлөр салына баштады. Алгачкы 3 убактылуу үйдүн курулушу Жалал-Абадда аяктап, октябрь айына чейин дагы 55 үй даяр болуп калары айтылууда. Ушул эле учурда 90 үйдүн пайдубалы куюлуп, 209 үйдүн дубалы тургузулууда. Ал эми Ош облусунда баш-аягы 750гө жакын үйдүн курулушу башталган. Кара-Суу районундагы Ташлак айылындагы талкаланган мектептин ордуна куруучулар 520 орундуу мектептин пайдубалын куйганга киришти.
Маалымат үчүн: Убактылуу үй эки бөлмөдөн (аянты 28-42 чарчы метр) туруп, ага орточо эсеп менен 5 миң доллар сарпталат. Бул үйдө кыштап чыккандан кийин келерки жылдан баштап 100 чарчы метрге чейин уланып курулат.