Шайлоого “аны-муну” дегиче, 10 күндөй убакыт калды. Интернет булактарында шайлоодо ким утуп чыгары тууралуу сурамжылоолор дале кызуу жүргүзүлүп жатат. Кыргыз тилдүү колдонуучулар басымдуу катталган сайттардагы сурамжылоолордо башка партияларга салыштырмалуу “Ата Мекен” партиясы тизменин алдында болуп, атаандаштарын артта калтырууда. Буга “Супер-Инфо” гезитинин расмий сайтын жана “АКИpress” маалымат агенттигин мисал кылсак болот. Ал эми орус тилдүүлөр көбүрөөк катталган “Дизель” өңдүү форум-сайттарындагы сурамжылоолордун жыйынтыгы бир аз башкача.
Демек, интернет айдыңындагы алдын ала берилген божомол маалыматтарга таянсак, “Ата Мекен” шайлоодо алдыңкы орундарды ээлеши толук ыктымал.