АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

АК ХАЛАТЧАНДАН КИМ ЖАПА ЧЕКТИ?
Хирургдун шалаакылыгынан 4 жашар бала жабыр тартты. Кемин райондук ооруканасында иштеген А.Р. аттуу хирург кызуу абалында төрт жаштагы Н.М. аттуу эркек баланы сүннөткө отургузган. Баланын апасы Москвада болгондуктан, ырымды чоң ата-чоң энеси жасаткан. Сүннөткө отургузуу үчүн 500 сом алган хирург операцияны үй шартында жасаган. Муну ал ооруканада кишилердин көптүгү менен түшүндүргөн.
Туура эмес жасалган операциядан улам Н.Мнын жыныс мүчөсү шишип, заара ушата албай калган. Учурда бала кататордун жардамы менен заара кылууда. Ага операция Москвада жасала турганы билинди. Хирургдун өз ишине кайдигер карап, баланын өмүрүнө залал келтиргени үчүн ага кылмыш иши козголду.

АЯЛДЫН ӨЛҮГҮ ТАБЫЛДЫ
1-октябрь күнү Бишкек шаарынын “Кирпич заводу” аялдамасынын жанынан аялдын өлүгү табылган. Анын колкосуна бычак сайылып, башына оор жаракат келтирилген. Кылмыш болгон жерге келген Свердлов РИИБинин кызматкерлери аялдын Кочкор районунун тургуну экенин аныкташты. "Кылмышка шектүү" делинип 20 жаштагы Б.С. аттуу жигит табылды. Милиция кызматкерлеринин болжолдоосунда, аял тоноо максатында өлтүрүлгөн.
Бул оор кылмыш учурда иликтенүүдө.

АТА-БАЛА КЫЛМЫШКА КИРИПТЕР
6-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасынан контрабандалык жол менен Кыргызстанга алынып келе жаткан акча кармалды. “Ак жол” бажылык постунда турган УКМК кызматкерлери Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Арткы орундуктун алдынан декларациясы жок 700 миң доллар табылган. Машинадагы эки адам бул кылмышка шектүү катары кармалышты. Алар атасы менен уулу экендиги аныкталды.

БЕТ КАПЧАН ТОНООЧУЛАР
1-октябрь күнү Бишкек шаарынын Аламүдүн районунда жайгашкан үйгө белгисиз бет капчандар кол салышкан. Түн ичинде кирип келген эки адам бычак менен коркутуп, үй ээсинен акча талап кылышкан. Бирок алар каалаган акча үйдө жок болуп чыккандыктан, үй ээлерин коркутуу менен чектелишкен.
Кылмышкерлердин изине түшкөн Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тез эле шектүүлөрдү табышкан. Алар өспүрүм курактагы эки жигит экени аныкталды.

ЗОРДУКЧУ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР
4-октябрда кечке жуук Бишкектин 12-кичирайонунда бир кызды пакистандык төрт жигит зордуктап кетишкен. Жабырлануучунун арызы менен Октябрь РИИБинин кызматкерлери кылмыш ишин козгошкон. Учурда Пакистандан келген төрт жигит бул кылмышка шектүү деп кармалып, тергелүүдө.

101 билдирет

АЯЛЗАТЫ ӨРТКӨ ЧАЛДЫГЫП...
1-октябрь күнү Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү №51-үйдө жашаган 35 жаштагы Махмудова Марал өрткө чалдыккан. Үчүнчү даражадагы күйүккө дуушар болгон аял шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн эмнеден чыккандыгы такталууда.

ӨРТ ЭКИ СААТТА ӨЧҮРҮЛДҮ
4-октябрда Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Большевик айылындагы Ш.Мырзакановдун үйү өрттөнүп кеткен. Өрт кичинекей кыздын тентектигинин натыйжасында чыгып, үйдүн 50 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Саат 18:50дө тутанган өрттү өрт өчүрүүчүлөр эки саат аралыгында өчүрүшкөн.

МАШИНА ӨРТТӨНДҮ
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында көчөдө турган Ауди 80 үлгүсүндөгү автоунаанын эки дөңгөлөгү, капоту күйүп кеткен. Машина М.Аметов деген жаранга таандык.
Өрт электр жабдыгын куроодо коопсуздук эрежеси сакталбагандан улам келип чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан