Акыркы күндөрү “ырчы Леди Гага декабрда барабанчы Люк Карлга турмушка чыгат” деген маалымат тароодо. Атап айтсак, “The Sun” басылмасы “ырчы тоюн Англиядагы бир сепилде өткөрүүнү божомолдоп, шаарды ак боз атка кошулган араба менен кыдырууну көздөп жатат. Алпаруучулук милдетти Элтон Жон менен актриса Дита фон Тизди аркалашса, Мадонна, Стинг өңдүү аттуу-баштуулар сыйлуу конок болушат” деген маалымат тараткан. Жогоруда айтылгандар чынбы же жокпу, аны убакыт көргөзөт.