Кыргызстандан чыккан "Город 312" тобу Орусиянын шоу-бизнесине жаңылык киргизди. Алар алгачкылардан болуп 3D форматында клип тартышты. Ыр “Жардам бер” деп аталат. Клипти атайын көз айнек менен 3D-манитордон гана эмес, кадимки компьютерден да көрүүгө болот. Ошондой эле анын катардагы көрүп жүргөн форматта (2D) да версиясы тартылат.