Көпчүлүккө “Мистер Питкин душман талаасында”, “Мистер Питкин ооруканада” сыяктуу тасмалардан улам Мистер Питкин деп таанылган комедиялык актёр Норман Уиздом дүйнө салды. Англиялык белгилүү актёр 95 жашынын акыркы күндөрүн карылар үйүндө өткөрүп жаткан. Актёрдун уулунун айтымына караганда, ал соңку мезгилде жүрөк оорусунан жапа чегип жүргөн.