Акыркы кезде бир гана өспүрүмдөрдүн эмес, чоңдордун да сүймөнчүгүнө айланган 16 жаштагы Жастин Бибердин куурчагы даярдалып жатат. Куурчак Биберге сырткы келбети гана эмес, ага окшоп ырдай алуусу менен да окшош. Алсак, куурчак Бибердин “Жалгыздык менен дагы бир кыз коштошту” (“One Less Lonely Girl”), “Бөбөк” (“Baby”) аттуу ырларын аткара алат. Ырчы куурчактын баасы 28 долларды түзмөкчү.