Кубалык жеңил атлетчи Ослейдис Менендес Афины Олимпиадасында жеңип алган алтын медалын сатууну чечти. Сыйлык е-Вау интернет-аукционуна коюлуп, анын башталгыч баасы 30 миң долларды түздү. Менендес ага атак-даңк жана абийир алып берген сыйлыгын сатууга эмне себеп болгонун айткан жок.
2004-жылкы Олимпиадада Ослейдис найзаны 71 метр алыс аралыкка ыргытып, жеңүүчү аталган. Бул натыйжа 31 жаштагы жеңил атлетчинин карьерасындагы эң чоң жетишкендиги болуп саналат.