Апта башында Рой Жонстун 7-октябрга пландаштырылган беттеши болбой тургандыгы маалым болду. Беттеш мушкер өзү туулуп-өскөн Пенсакола шаарында өтүп, ага каршы рингге чыгууга Дэнни Сантьяго даяр турган. Беттештин белгисиз мөөнөткө калтырылышына Ройдун машыгуу учурунда алган жаракаты себепчи болду.
“Рой колун машыгуу учурунда оорутуп алган. Рентгенден колу сынбагандыгы билинсе да, ал шишип кеткен колу менен толук кандуу машыга албай жатат. Андыктан беттешти жылдыруудан башка айлабыз калган жок”,- деп билдирди беттешти уюштуруучулардын бири Жон Вирт.