КОЧКОР-АТАДА МАЙРАМ ЖЕ «ДОРДОЙДУН» ДООРУ БҮТТҮБҮ?

3-октябрда Кочкор-Атада чемпиондук үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүп жаткан “Нефтичи” менен “Дордой” өз ара кылыч кайрашты. Чемпиондуктун аякташына саналуу оюндар калганын эске алсак, бул оюндун жеңүүчүсү абалын бир топ эле жакшыртып алмак. Өз үйүндө жеңиш үчүн жанын берүүгө даяр болгон “нефтичилер” 1:0 эсебинде утуп чыгып, чемпион болууга ишенимдүү кадам ташташты. Өткөн турда “Алга” менен тең чыгып упай жоготкон кочкор-аталыктар кайрадан 1-орунга көтөрүлүшсө, “дордойчулар” мелдеш жадыбалынын экваторуна түшүп кетишти. Ошентип, Мьянмадан АФКнын президентинин кубогуна жете албай кайткан бишкектиктер Кочкор-Атага болгон сапарынан кийин жадыбалдагы көч башылыктан да куру калышты. Голго токтолсок, аны коргоочулардын катасынан пайдаланган Талай Жуматаев киргизип, бомбардирлердин жарышында 13 голу менен сап башына чыгып алды.
Оюн тууралуу ой бөлүшүп, “Нефтичинин” башкы машыктыруучусу Александр Крестинин: “Мен команданын оюнуна да, натыйжага да ыраазымын. Калыстарга нааразычылыгым жок”,- десе, анын визависи таптакыр башка ойду айтты. “Дордойдун” машыктыруучусу Сергей Дворянков “Нефтичи” татыктуу жеңишке жетиштиби?” деген сурообузга “албетте, жок!” деген жооп узатты. Ошондой эле ал: “Оюнда биз жеңишибиз керек болчу. Атаандашыбыз коргоочуларыбыздын бир катасын пайдаланып кетти. Анан калыстык “абдан мыкты” болду. Калыс Юрий Ерешенко бизге 100 пайыздык пенальтини бербей койду. Ал колунан келишинче “Нефтичиге” жан тартып жатты. Кызыгы, мунун баары КРнын ФФсынын генералдык катчысы Нуртазин Жетибаевдин көзүнчө болду”,- деп нааразычылыгын билдирди.
Ошентсе да аталган 2 орусиялык адис чемпиондуктун тагдыры али чечиле элек экендигин баса белгилешти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан