Ырчы Айдин Шер тасмага тартылып, актёрдук чеберчилигин да көрсөтө алды. Балким, ырларын сүйөбү же тасмадан көрүп тартылганбы, айтор, күйөрман кызы Айдиндин туулган күнүнө өзгөчө белек берди. 2-октябрда 21 жашка толгон Айдин жеке майрамын досторунун курчоосунда өткөрдү.
“Баарынан эң оригиналдуусу Нуржамал аттуу күйөрман кыздын менин сүрөтүмдү колго тартып, картинага кум менен атымды жазып куттуктаганы болду. Белекти бирөөлөр аркылуу берип жибериптир. Эми ал кызды көрүүгө ашыкмын”,- дейт толкунданган Айдин Шер.