Нурзат Токтосунова казак кызы, кыргыз келини, маркум төкмө акын Майра Керим кызын аябай кадырлачу. Акындын төкмөлөр менен айтышканын, чыгарган ырларын көп угуп, талантын баалаган Нурзат анын ырын аткарып чыкмакчы. Майра Керим кызынын “Жаныңда сени сүйгөн бир адам бар...” деген саптар коштолгон “Бир адам бар” аттуу ырына аранжировка жасатып, даярдап койду. Ырдын артынан дароо клибин да тарттырмакчы.
Ошентип, сөзгө чечен, тыкылдаган Нурзатты калың эл эми ырчы катары тааный баштайт.