ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН ИШ БАШТАГАН ЖАШТАР

7-апрелден кийин жаштар мурункудай көчөдө калып кетпесин деп алардын демилгеси менен министрлик түзүлгөн эле. Мына ушул Жаштардын иштери боюнча министрлик өлкөнүн туш тарабынан коомго башы көрүнүп калган делегаттарын чакырып, бул аптада президенттин катышуусу менен жаштардын конгрессин өткөрүштү.
Буга чейин Максим Бакиевге тиешелүү болгон деп келишкен жана министрликке өткөрүлгөн имаратта чакан иш-чара уюштурулду. Жаштардын иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов: “Акыркы төрт айдан бери түрдүү адамдар менен тартышып жатып, соңунда Убактылуу өкмөттүн декрети менен бул имарат министрликке берилди”,- деди. Жаңы министр жана 70ке жакын делегат министрликтин короосуна ар бир облустун атынан арча отургузуп, Кыргызстандын желегин көтөрүүгө катышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан