Парламенттик шайлоонун үгүт кербени аяктаарда маалымат айдыңы компроматтардын көңүл чордонуна айланды. Апта башында интернет сайттардын бирине “Бакиевди кайра Кыргызстанга алып келебиз” деген сөзү бар аудиожазуу жана видеожазуу катары менен жарыяланды. Ал Камчыбек Ташиев деп айтылганы менен, Камчыбек мырза муну жокко чыгарды. “Бизде ал материалдын монтаждалганын далилдеген аныктама бар”,- дейт ал. Ал эми партиянын дагы бир лидери Ахматбек Келдибековдун айтымында, бул видеожазууну таркаткан маалымат каражаттарын сотко беришет.
Ошол эле учурда беларустук жалпыга маалымдоо каражаттары экс-президент Курманбек Бакиевдин Минск шаарынан чыгып кеткендигин кабарлаган.
Бакиевдин кайра келерин уккан “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү 6-октябрда эски аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, аянттан ары “Ата Журт” партиясынын кеңсесине барышкан. Митингчилер кеңсеге кирип, андан үгүт материалдарын көчөгө чыгарып өрттөп жиберишти. Бирок милиция кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр келип, баш аламандыктын андан ары өнүгүшүнө жол беришкен жок.