Экс-депутат Болот Шер “Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши үчүн добуш берген” деген маалыматты четке какты. Эскерте кетсек, Коомдук парламент жана “Элдик текшерүү” бирикмесинин өкүлдөрү кыргыз жеринин мыйзамсыз өткөрүлгөнүнө тиешеси бар мурунку аткаминерлер жана депутаттардын тизмесин таркаткан эле. Алардын арасынан Болот Шердин да ысымын учуратууга болот.
Экс-депутаттын айтымында, бул маалымат аны каралоо иретинде айтылган. “Мен ЖКнын 3-чакырылышында депутат болуп турганымда, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине добуш берген эмесмин. Жеке өзүм кесиптештеримди биздин жерди сактап калууга чакырганмын”,- дейт ал.
Ал бардык каалоочуларга ошол маселе талкууланып жаткан жыйынды кайрадан угуп, изилдеп көрүүнү сунуштады.