Өлкөдөгү “тагдыр чечүүчү” деп аталган шайлоонун алдында ЖОЖдордун студенттери 10 күндүк эс алууга кетишти. Андан көп өтпөй, президент Роза Отунбаева ЖОЖдордун жаңы ректорлорун дайындады. Ошентип, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору – Канатбек Керезбеков, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору – Токтобек Иманалиев, Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору – Төлөбек Абдрахманов, Улуттук көркөм академиясынын президенти – Тургунбай Садыков, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору – Курманбек Абдылдаев, Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин ректору – Туратбек Дүйшөналиев, Бишкек гуманитардык университетинин ректору Муканмедий Асанбеков болуп калды.