АРТИСТТЕР ҮЙБҮЛӨГӨ ТУРУКСУЗБУ?

АКТАН ИСАБАЕВ
Кыргыз эстрадасына Батыштын стилин алгачкылардан болуп алып кирип, жаштар арасында популярдуулукка жетишкен Актан Исабаев турмушунан эки жолу жаңылып, үчүн­чү жо­лу бактысын Гү­зел деген кыздан тапты окшойт. «Биз кыйрап кемедей, тегиз телегей эмеспиз, аттиң ай!..» деген ыр саптарындай эле кеп болду окшойт.

ЖАНЫБЕК АЛЫКУЛОВ
Сатиралуу шорпосу менен кадыр-барк күтүп «Шорпоке» аталган куудул да биринчисинен жаза тайып, экинчисине буйруган. Өзү­нүн айтуусуна караганда, экинчи жубайы сахнанын көшө­гөсү­нөн бир кароо менен жүрөгүн ээлеп алган.

РАСУЛ МАМАТКУЛОВ
«Түштүк чүрөктөрүн» ырга салып бүтпөгөн Расул Маматкулов Жанна аттуу кыз, Руслан аттуу уулду «белек» кылган орус жубайынан кол үзүп, кыргыз жубайы Катя менен өмүр кечирүүдө. Расул акенин муңканган муңдуу кайрыктагы ырлары көп эле, кайсынысы ырчыга биринчи турмушун эске салаарын күйөрмандары билбей келет.

МАЙРАМБЕК ОСМОНОВ
Кыргыз сахнасындагы алгачкы ажы-ырчы Майрамбек Осмоновдун чыныгы сүйүүсү, нечен ырлары, поэмалары Айгүлгө арналган менен турмуш жолдору эки ажы­рым кетти. Учурда ажы-ырчы түш­түк­түк жубайы менен өмүр кечирип, андан тапкан Айдемил аттуу уулун бешенесинен сүйүп отурат. Ырчынын тунук сүйүү­сү «Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө, биздин сүйүү калаар балким бир ырда» деген мукам кайрыктарда калып кетти окшойт...

АЙБЕК КАРЫМОВ
Мукамдуу обондору менен эл оозуна алынган Айбек Карымов тестиер уулун жетелеп, өмүрлүк түгөйү атанган Айнура менен эриш-аркак келатып эле, турмуш чыйыры башкача кетти. Анткени, “сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт” деп эле өзүнүн тобундагы Бурул менен баш кошуп алды. Азыр Бурул экөө Аруузат, Шерзат аттуу уул-кыздын ата-энеси болуп калышты.

ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ
«Боогачың сенин болоюн» деп сыздаган Токтобек Асаналиев «боздоп» жүрүп жеткен ырчы түгөйү Кенже Кубатовадан ажырап, башка айымга баш кошуп жашоо кечирүүдө. Ушундай тагдырдан улам «Арманым аттын башындай…» деген ыр убагында бекер чыкпагандай, Токтобек да бекер ырдабагандай сезилет.

БАЙЫШ МОМУНОВ
Байыш Момунов Динара аттуу жубайынан бойтойгон кыздуу болгонуна карабай арзуунун акылдан адаштырган кудуретине арбалып «биринчи махабаты» Клара Алибекованы ээрчип кет­ти эле… «Жаңылбас жаак, мү­дүрүл­бөс туяк болбойтту» туу тутуп, азыр Байыштын кайра Динарасына айланып келген учуру.

КУДАЙБЕРГЕН КУТУЕВ
Убагында «Бишкекке, Бишкекке келдим эле сени издеп» деп Бек Борбиевдин ырын зал жаңырта ырдап көпчүлүккө тез таанылып, кайра дайыны тез өчкөн ырчы Кудайберген Кутуевдин да турмуш жолу шар кеткен жок. Көлдүн ак куу моюн сулуусуна баш кошкону Кудайберген издегенин таап, көксөө­сү­нө жетти деген элек, бирок, кимисинен кетти билбедик, экөөнүн тагдыры эки башка кетти. Эми Кудайберген ким­дин колун кармап “Сезбеди сагынганым сенин жа­ның, саргартып кан жү­рөк­тү жараладың...” деп өпкө-жүрөгүн кайсы айымга чапкылаар экен?..

БАКТИЯР ТОКТОРОВ
Өрүкзарлуу Лейлек жергесинен чыккан ырчы Бактияр убагында өзү менен кошо ырдап жүрчү Оксана аттуу селкиге баш байлаган. Алтургай, ага арнаган «Адина» ырын чын дити менен аткарып чыкты эле. Элдер да экөөнү кош жылдыз катары карай башташкан. Бирок, кийин кайсы кара теке сүзгө­нүн ким билсин, Оксанасы Наргизага айланды. Башкача айтканда, чындап сүй­үп кал­ган Наргизасына тагдырын байлап берип, андан эки баланын сү­йүк­­түү атасы болуп отурат.

АБДУМАЛИК ШЕРМАТОВ
Кыргыз эстрадасынын анык тентеги аталган Абдумаликте оо, сөз көп… Айжаркын актриса Шайыр Касымалиевадан тапкан кызы Мээримдин, абройлуу ырчы Динара Акулова экөөнүн ортосунан жаралган Маликанын, «жаңылып-жазган» Наз­гүл деген айымдан кызы Айперинин, он сегиз жашында тагдырын ырчыга байлап берген Зарина көз жарган эки эркек, бир кыздын атасы. Бирок, өзүн сүйгөнгө татыктуу деп эсептеген жигит жөн калчубу, жаңы түзүлгөн өзүнүн тобундагы ырчылыкка эми аралашкан Назира аттуу айым менен бирге жашап жаткан имиш. Элибизде «өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат» деген макалдын тууралыгын жана өзүнүн анык кыргыз экендигин Абдумалик мырза далилдегендей.

РАХМАН РАЗЫКОВ
Куудул биринчи сурмалуу көз жубайынан бир уулдуу, экинчи дарыгер жубайынан 2 балалуу болгондо ортолорун шайтан аралаппы, айтор, үчүнчү метистка жубайы менен турмуш сапарын улоосуна туура келген. “Бешиликтин” атасына айлангандан тарта мурдагы никесинен балдарын тобуна кошуп, жанына ала жүрүп, ата парзынан кутулууда.

ИЛЬЯЗ АГЫБАЙ уулу
Бирде ырчыга, бирде куудулга айланып, ал эле эмес кээде обончу да боло койгон Ильяз өзбек улутундагы чырайлуу кызга үйлөнө коём деп канча жылын Оштун даркан талааларына кетирди го, ат­тиң! Чыгармачыл адамды чыгармачыл жан гана түшү­нөт дегендей, өзү сындуу сахна турмушуна бир топ жылдан бери аралашып келаткан ырчы Кенжеге үй­лөнгөнү көө­нү ток, уулунун кылыгына маашыр.

БАКЫТ МАМАЕВ
«Кызыксыз мага өзүңсүз, өмүр­дүн өтүп жатканы» деп сыздаган Бакыттын бул ыры кимге арналганын өзү эле билбесе… Айтылуу ырчынын издеп жүрүп тапкан жубайы Элмира менен татынакай эле жашоо кечирип келаткан. Мотурайган уулдуу болушкан. Анан эле ортолорун кара мышык аралады. Тобунда чогуу ырдап жүрчү Эркинай Мадылованы бөктөрө качып, андан уулдуу болуп отурат. Андан да кызыгы, Бакыт буга да алымсынбай үчүнчү кайсы бир селкиге кол сунсам деп чамынып жаткан имиш.

Даярдаган Гүлмайрам Турусбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 190, 23-29-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан