Мекендешибиз Каныбек Сагынбаев бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнөнүн чемпиону аталды. Германиянын Виллинген шаарында өткөн мелдешке 20дан ашуун өлкөнүн бильярддык каймактары катышты.
Каныбекке финалда орусиялык Павел Кузьмин каршы турду. Чечүүчү беттеште эл аралык класстагы спортчубуз чеберчилигин көргөзүп, болгон күч-аракетин жумшап, жеңишти өз тарабына оодара алды.